Муфтий Замир кары Ракиев 7-январь күнү Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугАт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
“Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев 7-январь саат 16:00дө Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушат. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев катышмакчы”, - деп айтылат маалыматта.
Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушуу саамалыгы КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, катышуучулар ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү, ислам дининин баалуулуктары, үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча баяндамаларын кылмакчы.
Дареги: Санкт-Петербург шаары, Белевский проспектиси, д 20А. «Золотой двор» рестораны
10 май 2022
29 апрель 2022
26 апрель 2022
21 апрель 2022
21 апрель 2022
20 апрель 2022
19 апрель 2022
12 апрель 2022
8 апрель 2022
5 апрель 2022
5 апрель 2022
19 март 2022
2 февраль 2022
1 февраль 2022
15 январь 2022
13 январь 2022
10 январь 2022
7 январь 2022