Жакынкы Чыгыш жана Африка качкындарын, жер которгондорду жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо үчүн Бириккен Араб Эмираттары “Жылуу кыш” кампаниясын баштады. Бул тууралуу “Emirates News Agency” жарыялады.
Бул кампания Мухаммед бин Рашиддин “Глобалдык демилгелер” фонду, БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы жана аймактык “Food Banking” тармагы тарабынан ишке ашырылып жатат.
Эмирлик 100 миң муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтөт. Кампания кычыраган кышта муктаждарды тамак-аш, жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк менен менен камсыздоо үчүн 10 миллион доллар чогултууну көздөйт.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2021-жылы мигранттардын саны 84 миллиондолн ашкан. Ирак аймагында 1,2 миллион жер которгон жана 280 миң качкын адамдар болсо, алардын 48%ы аялдар. 13 миллиондон ашык сириялык гуманитардык жардамга жана коргоого муктаж. Ал эми 12,4 миллион адам жетишсиз тамактанууда.
Качкындар кризиси келечек муунга коркунуч туудурат. Анткени 374 миллионго жакын бала качкын эсептелет жана алардын көбү ата-энесиз калды. Качкындардын жана жер которгондордун дээрлик 80%ы тамак-аш жетишсиздигинен жапа чегишет жана экологиялык коркунучтарга туш болушат.
“Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк экономикага катуу таасир этип, глобалдык жакырчылыктын деңгээлин жогорулатты”, - деп айтылат маалыматта.
10 май 2022
10 май 2022
26 апрель 2022
19 апрель 2022
17 апрель 2022
13 апрель 2022
12 апрель 2022
10 апрель 2022
8 апрель 2022
5 апрель 2022
5 апрель 2022
19 март 2022
25 февраль 2022
22 февраль 2022
7 февраль 2022
1 февраль 2022
15 январь 2022
10 январь 2022