Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жалал-Абадда жоолук күнүнө карата иш-чара уюштурулду

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 7 февраль 2022

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү бир гана борбор калаабызда эмес, Кыргызстандын башка аймактарында да белгиленүүүдө.

%article_title%

Алсак, Жалал-Абад облусунда да бул күнгө карата 400 айымдын катышуусунда “Кыргыз мусулман айымы” темасында иш-чара өткөрүлдү. Бул саамалыкты Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын аялдар бөлүмү уюштурду.

%article_title%

Быйыл Жалал-Абадда 6-ирет өткөрүлүп жаткан иш-чарага облустун волейболчу кыздары, милиция кызматкерлери, мэрияда жана башка мамлекеттик кызматта иштеген белгилүү айымдар катышты.

Саамалыкка атайын Бишкектен коноктор чакырылып, аялзатына керектүү маалыматтар айтылды. КИУнун ага окутуучусу, Ханафий мазхабында фикх боюнча мыкты адис, тажрыйбалуу устаза Соолиха Алманбетовна "Мусулман аялдын сыпаты" темасында сөз сүйлөдү. Көп жылдык тажрыйбасы бар диний психолог, теология илиминин магистранты Гүлшайыр Жунусова "Мусулман аялдардын психологиялык абалы" темасынын алкагында пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү.

%article_title%

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси, “Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова Кыргызстанда бул күндү өткөрүүнүн мааниси жана максаты тууралуу айтып берди.

%article_title%

Бишкектен келген спикерлерге Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков ыраазычылыгын билдирип өттү.

%article_title%

Иш-чаранын алкагында Исламдагы бир парзын аткаргысы келген кыздарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жоолук салынгысы келген 20 кыз ушул күндүн аркасы менен жоолукка келишти. Ошондой эле иш-чарага келген ар бир айымга жоолук жана гүл белекке берилди.

Жалал-Абадда уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Иш-чарага катышкан айымдар ыраазычылыгын билдирип, кубанычтарын жашыра алган жок. Бул саамалык жан дүйнөлөргө кубаныч, эстен кеткис жагымдуу эмоцияларды тартуулады.

%article_title%

Кыргызстанда уюштурулуп келген Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү 7 жыл аралыгында 15 миңден ашуун аялзатын бириктирип, аялдар ортосундагы достукту бекемдөөнү, жоолукчан айымдар тууралуу коомчулукта калыптанган терс пикирлерди жоюуну максат кылат.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Бишкекте түрк кинолорунун жумалыгы өтүп, тасмалар акысыз көрсөтүлөт
14 июнь 2022
Индияда интернет өчүрүлүп, көчөгө чыккан мусулмандар кармалууда
13 июнь 2022
Фатима жөнүндө тартылган фильм мусулмандардын нааразычылыктарынан кийин кинотеатрлардан алынды
8 июнь 2022
Индияда Мухаммед пайгамбарды ﷺ кемсинткен саясатчы партиядан четтетилди
7 июнь 2022
Курман Айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
7 июнь 2022
Мусулман айым Темсайдга мэрдин орун басары болуп шайланды
31 май 2022
Азанчы мечитти уруулардан коргоп жатып, каза болду
31 май 2022
Стамбулда 393 хафизди сыйлоо аземи уюштурулду
30 май 2022
Таж-Махал мечитинде туристтер намаз окугандыгы үчүн камакка алынды
30 май 2022
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Индиядагы жоолукчан аялдарды колдойт
27 май 2022
Иллинойстогу мусулман үй-бүлө “Мыкты кошуна” сыйлыгына татыды
26 май 2022
Мухаммед Салах “Алтын бутса” сыйлыгына ээ болду
25 май 2022
Индиялык мусулман мухаммед ысымы үчүн ур-токмокко алынып, каза болду
23 май 2022
Улуу Британиядагы мектеп окуучуларга намаз окуу үчүн шарт түзүп берди
23 май 2022
Аль-Азхар университетинин студенти 4,5 айда Куранды колго жазып бүттү
20 май 2022
Пакистандык блогер мотоцикл менен умра кылды
19 май 2022
Легендарлуу африкалык футболчу Исламды кабыл алды
18 май 2022
Христианчылыкты окуган япон дин таануучу жыйынтыгында Исламды кабыл алды
10 май 2022
Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов