Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Улуттук драм театрда жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Быйыл 6-ирет уюштурулган бул саамалык түштүк эли тарабынан бул жолу да жылуу кабыл алынды.
Иш-чара “Умма” журналынын Оштогу ыктыярчылары тарабынан уюштурулуп, миңдеген айымдардын катышуусунда өттү. Жоолук күнү көз карашы, кесиби жана улуту түрдүү адамдарды бир аянтчага бириктирип, аларга жагымдуу маанай тартуулай алды.
Ошто уюштурулган иш-чарага белгилүү айымдар, жергиликтүү жана шаардык кеңештин депутаттары, ар улуттун өкүлдөрү катышты. Ошондой эле атайын бул күндү белгилөө үчүн алыскы аймактардан ат арытып, жол карытып келгендер да болду.
Оштогу бул саамалыкка Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий өкүлү Элиана-Марьям Сатарова жана Эл агартуунун мыктысы, белгилүү устаза Өктөмхан Абдувалиева атайын барып келишти.
“Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова бул күндүн мааниси, максаты тууралуу айтып, аялзатын биримдикке чакырып өттү:
Ош облусттук казыятынын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамиля устаза
жоолуктун орду, маанилүүгү туурасында айтып, биринчи ирет айымдарга адеп-ахлагын оңдоону кеңеш кылды. Бул иш-чарага жыл сайын өз жардамын көрсөтүп келе жаткан – Маданияттын эмгек сиңирген ишмери жана музыкалык мектептин директору Мукарам Мадаминова да сөз сүйлөдү.
Кризистик бобордун директору Наргиза Эштаева аялдардын укугу боюнча кенен баяндама жасады. Ошондой эле Жалал-Абад облустук казыятынын аялдар бөлүм башчысы Гүлсара Каримова атайын конок катары чакырылган. Ал аялдар үчүн билим алуу зарылдыгын баса белгилеп, айымдарды ар тараптуу өнүгүүгө үндөп өттү.
Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон устаза Өктөмхан Абдувалиева коомубуздагы актуалдуу маселелердин бири үй-бүлөдөгү кайнене-келин мамилеси боюнча пайдалуу маалыматтары менен бөлүштү. Өктөмхан апа жалындуу сөздөрү менен айымдардын жүрөгүнөн орун алды.
Белгилүү диний ишмер, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин кызы Куран окуп, жан дүйнөлөргө тынчтык тартуулады. Адеп-ахлакка, ыймандуулукка чакырган театралдаштырылган сценка көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, иш-чара түрдүү викториналар, интеллектуалдык суроолор менен коштолуп, жеңүүчүлөргө демөөрчүлөрдөн белектер берилди.
Ош шаарында өткөн Жоолук күнүнүн алкагында Исламдагы бир парзын аткаргысы келген кыздарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жоолук салынгысы келген 20 кыз ушул күндүн аркасы менен жоолукка келишти.
Ошондой эле таланттуу кыздардын көркөм өнөр көргөзмөсү өттү. Кыргыздын улуттук баш кийимдеринин жана кооз жоолуктардын жарманкеси уюштурулду.
Ош шаарында уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн облустун алдыңкы ММКлары чагылдырып беришти. Көптөгөн телеканалдар, маалымат сайттары аркылуу бул саамалык элге жеткирилди
“Умма” журналынын Ош шаарындагы ыктыярчылары жыл сайын өз активдүүлүн көрсөтүп келишет. Алардын жардамы менен бул иш-чара Ош жергесинде быйыл 6-ирет өткөрүлдү.
Жоолук күнү бир гана борбор калаабызда гана эмес, өлкөбүздүн башка облустарында да уюштурулуп жатат. Демек, биздин долбоор бүткүл республика аймагына тарады десек жаңылышпайбыз.
Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү биздин коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, көпчүлүк күткөн датага айланды. Бул иш чара 7 жыл аралыгында 15 миңден ашуун аялзатын бириктирип, өткөндү эстегенде жагымдуу көз ирмемдерди тартуулап келет.
27 июнь 2022
24 июнь 2022
20 июнь 2022
16 июнь 2022
9 июнь 2022
2 июнь 2022
31 май 2022
31 май 2022
30 май 2022
27 май 2022
26 май 2022
25 май 2022
25 май 2022
23 май 2022
20 май 2022
20 май 2022
19 май 2022
18 май 2022