Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түрк энелери Сирия жана Афганистандагы үшүгөн балдар үчүн жылуу кийимдерди токуп жатышат

Жарыяланды: 22 февраль 2022

Суукта үшүгөндөрдү жылуу кийим менен камсыздоо үчүн Түркиянын Элазыг провинциясында профессионалдык жабдуулар менен жабдылган цех ачылды. Бул ишканада 200гө чукул эне Сирия жана Афганистандын суук аймактарындагы балдар үчүн жылуу кийимдерди токуп жатышат.

%article_title%

Бул цехти кыска убакыттын ичинде ачууга түрк кайрымдуулук уюму жардам берген. Ошондой эле анын ишке кирүүсүнө Баскил провинциясынын жалпы билим берүү борбору да көмөк көрсөткөн.

Эми үшүгөн балдар үчүн жылуу кийимдерди тигүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Уюштуруучулардын планына ылайык, кампания өз ишин 2 жарым айдан кийин токтотмокчу. Ага чейин бардык өндүрүлгөн продукциялар Сирия жана Афганистандын жаш балдарына жеткирилип бүтөт.

“Инсандык жардам” кайрымдуулук уюму согуштан жана сууктан жапа чеккен аймактарда абал оор экендигин билдирди. Жадагалса, кээ бир адамдарда жылуу байпак да жок. Ошондуктан фонд аялдарды эле эмес, эркектерди да кийимдерди даярдоо үчүн жумушка чакырып жатат.

Бул кайрымдуулук акцияга мамлекеттик кызматкерлер да кошулду. 700 балага ылайыкталган кийимдердин биринчи бөлүгү суук аймактарга жөнөтүлдү. Жалпысынан 2500 балага колго токулган кийимдерди жеткирүү пландалууда.

Эскерте кетсек, ушул ай ичи Сирияда жана Жакынкы Чыгышта абанын температурасы кескин төмөндөгөн. Кыш калың жааган кар менен коштолуп, анын натыйжасында бир нече адам үшүктөн каза болгон.



Башка жаӊылыктар
Танзила майыптыгана карабай, чоң иштерди кылып келет
24 июнь 2022
Мусулман футболчу Садио Мане такыбаа кызга гана үйлөнөрүн билдирди
17 июнь 2022
Ажылардын алгачкы тобу Мединага сапар тартты
16 июнь 2022
Бишкекте түрк кинолорунун жумалыгы өтүп, тасмалар акысыз көрсөтүлөт
14 июнь 2022
Индияда интернет өчүрүлүп, көчөгө чыккан мусулмандар кармалууда
13 июнь 2022
Венецияда биринчи жолу мечит ачылды
13 июнь 2022
Фатима жөнүндө тартылган фильм мусулмандардын нааразычылыктарынан кийин кинотеатрлардан алынды
8 июнь 2022
Курман Айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
7 июнь 2022
Өлкөбүздүн дин кызматкерлери улуттук стилдеги бирдиктүү формага өтөт
2 июнь 2022
Азанчы мечитти уруулардан коргоп жатып, каза болду
31 май 2022
Мусулман айым Темсайдга мэрдин орун басары болуп шайланды
31 май 2022
Стамбулда 393 хафизди сыйлоо аземи уюштурулду
30 май 2022
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Индиядагы жоолукчан аялдарды колдойт
27 май 2022
Мухаммед Салах “Алтын бутса” сыйлыгына ээ болду
25 май 2022
Индиялык мусулман мухаммед ысымы үчүн ур-токмокко алынып, каза болду
23 май 2022
Улуу Британиядагы мектеп окуучуларга намаз окуу үчүн шарт түзүп берди
23 май 2022
Аль-Азхар университетинин студенти 4,5 айда Куранды колго жазып бүттү
20 май 2022
Христианчылыкты окуган япон дин таануучу жыйынтыгында Исламды кабыл алды
10 май 2022
Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов