Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Билим нуру" окуу курсу ачылды. өзгөчө балдар да катышса болот

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 19 март 2022

Бишкекте балдарга Куран окууну үйрөтүп, диний жана адеп-ахлак сабактарды өтө турган "Билим нуру" окуу борборунун ачылышы болуп өттү.

%article_title%

Бул окуу курсунун өзгөчөлүгү - мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды да кабыл алып, аларга атайын методдор менен сабак өткөндүгү. Ошондой эле балдардын кара куш мээсин өстүрүү үчүн моториканын түрлөрү, логопеддик ыкмалар колдонулат.

%article_title%

"Билим нуру" борбору Мухлиса Осмонова жана Уркуя Парманова тарабынан негизделди. “Бейиш балдары” фондунун жетекчиси Уркуя Парманова 7 жылдан бери өзгөчө балдар менен иштешип келет.

“Учурда табигый нерселер менен ойнобогондуктан, көп балдардын кара куш мээси жакшы өөрчүбөй жатат. Ошону эске алуу менен моторика жана логопед методун колдонуу менен балдарга сабак берүүдөбүз. Курандын ар бир тамгасы шыпаа экендигин тажрыйбабызда көрүп жатабыз. Эс-тутуму начар, жакшы сүйлөй албаган жана гиперактивдүү балдар менен иштешип, алардын ата-энесинен жакшы пикирлерди угуп баштадык”
, - дейт Уркуя Парманова.

Негиздөөчүлөрдүн бири - Мухлиса Осмонова курс жөнүндө буларга токтолду:

“Балдардын Куранга болгон сүйүүсүн арттыруу үчүн сабактарды оюндар менен кызыктуу өткөнгө аракет кылабыз. Жаш өспүрүмдөр менен иштөөдө моториканын түрүн колдонобуз. Сүрөлөрдү, дубаларды, диний ырларды кыймыл менен жаттатабыз. Бала кыймыл менен бир нерсе үйрөнгөндө көбүрөөк эсинде калат”.

“Билим нуру” курска 4 жаштан жогорку балдарды кабыл алат. Мындан сырткары, айымдар да курска катышып, диний сабактарды алса болот. Аталган курс аз убакыт ичинде жакшы жыйынтыктарды көргөзүп, балдар үчүн пайдалуу болуп жатат.



Башка жаӊылыктар
Саудовская Аравия стремится к экологически чистому хаджу
27 июнь 2022
Танзила майыптыгана карабай, чоң иштерди кылып келет
24 июнь 2022
84 жаштагы мусулман эне университетке тапшырды
20 июнь 2022
Мусулман футболчу Садио Мане такыбаа кызга гана үйлөнөрүн билдирди
17 июнь 2022
Ажылардын алгачкы тобу Мединага сапар тартты
16 июнь 2022
Бишкекте түрк кинолорунун жумалыгы өтүп, тасмалар акысыз көрсөтүлөт
14 июнь 2022
Венецияда биринчи жолу мечит ачылды
13 июнь 2022
Индияда интернет өчүрүлүп, көчөгө чыккан мусулмандар кармалууда
13 июнь 2022
Жаңы окуу жылынан тарта мектептерде “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы окутулат
9 июнь 2022
Фатима жөнүндө тартылган фильм мусулмандардын нааразычылыктарынан кийин кинотеатрлардан алынды
8 июнь 2022
Индияда Мухаммед пайгамбарды ﷺ кемсинткен саясатчы партиядан четтетилди
7 июнь 2022
Курман Айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
7 июнь 2022
Таж-Махал мечитинде туристтер намаз окугандыгы үчүн камакка алынды
30 май 2022
Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүүдө
25 май 2022
Индиялык мусулман мухаммед ысымы үчүн ур-токмокко алынып, каза болду
23 май 2022
Улуу Британиядагы мектеп окуучуларга намаз окуу үчүн шарт түзүп берди
23 май 2022
Дүйнөдө качкындардын саны рекорддук деңгээлге жетти
20 май 2022
Легендарлуу африкалык футболчу Исламды кабыл алды
18 май 2022
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32