Берекелүү Рамазан айына карата бир катар муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Каракол шаардык хатибияты тарабынан «Иброхим ажы» мечитинде мүмкүнчүлүгү чектелген 75 үй-бүлөгө 262 500 сомдук азык-түлүк таратылды.
Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков ыйык айда кайрымдуулук колун сунган жеке ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип, муктаждар үчүн жагымдуу маанай тартуулангандыгын белгиледи.
Кара-Суу районунун Беш-Капа айылынын «Беш-Капа» мечитинин имамы Усманжан Закировдун демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
Маалыматка ылайык, мечит имамы жергиликтүү тургундарга Рамазан айы берешендик айы экенин, бул айда кылынган кайрымдуулуктарга Аллах Таала эселеп соопторду бере тургандыгын түшүндүргөн.
Имамдын кайрылуусунан кийин колунда бар айылдаштар уюшуп, жалпы наркы 200 миң сомду түзгөн азык-түлүк салынган жардам баштыктарын жакыр жашаган 50 үй-бүлөгө жеткиришкен.
24 июнь 2022
20 июнь 2022
17 июнь 2022
8 июнь 2022
7 июнь 2022
7 июнь 2022
2 июнь 2022
31 май 2022
27 май 2022
26 май 2022
25 май 2022
25 май 2022
23 май 2022
20 май 2022
20 май 2022
19 май 2022
18 май 2022
10 май 2022