Абу-Дабидеги дүкөндөр жана соода борборлору бир жолу колдонулчу полиэтилен баштыктардан баш тартуга даярданып жатышат. Бул тууралуу “Тhe national” кабарлады.
Полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу БАЭнин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан ушул жылдын 1-июнунда күчүнө кирет.
Кардарлар экологиялык жактан таза эсептелген көп жолу колдонулчу кездеме баштыктарга өтүүсү пландалууда. Ошондой эле дүкөндөр элге полиэтилен баштыктардын зыяндуу жактары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп башташат.
2022-жылдын 1-июлунан тарта Дубайда полиэтилен баштыктарды колдонгондугу үчүн калктан атайын төлөм алынат. Бир баштык 25 филди түзүп, дүкөн, ресторан, дарыканаларда жана онлайн буйрутмаларда талап кылынмакчы.
Маалыматта эки жылдан кийин Абу-Даби толугу менен полиэтилен баштыктарын колдонууга жана сатууга тыюу салууну көздөп жаткандыгы айтылат.
Эскерте кетсек, буга окшогон төлөмдөр дүйнөнүн 30 өлкөсүндө киргизилген. Ал эми 90 мамлекет зыяндуу баштыктарга толук тыюу салынган.
27 июнь 2022
24 июнь 2022
24 июнь 2022
13 июнь 2022
13 июнь 2022
9 июнь 2022
2 июнь 2022
31 май 2022
31 май 2022
30 май 2022
27 май 2022
26 май 2022
26 май 2022
23 май 2022
23 май 2022
20 май 2022
19 май 2022
10 май 2022