Израилдин оккупациялык күчтөрү Аль-Акса мечитинин бардык эшиктерин жаап, мусулмандардын кирүүсүнө тоскоол болууда. Бул тууралуу “Al-Quds Al-Arabi” жергиликтүү басылмасы жазып чыкты.
Бүгүн багымдат намазы убагында ондогон Израиль аскерлери Аль-Аксага чабуул жасап, мечит ичиндеги ондогон адамды курчоого алышкан. Жыйынтыгында 2 адам кармалып, экөосү жаракат алган.
Окуянын башына кайрылсак, 15-апрель күнү эртең менен Израиль куралдуу күчтөрү Аль-Акса мечитиндеги намаз окугандарга кол салган. Палестина Кызыл жарым ай уюмунун маалыматына ылайык, 158ден кем эмес адам жаракат алган.
“Аль-Жазира” маалымат каражаты Израиль аскерлери тез жардам кызматкерлеринин мечитке кирүүсүнө тоскоол болгондугун жана эскалация убагында жалпы 400 палестиналык камакка алынгандыгын билдирди.
Ошол эле күнү Газада жүздөгөн палестиналыктар бул окуяга байланыштуу Израиль аскерлеринин кол салуусуна наразычылык билдирип, көчөгө чыгышкан.
Палестиналык жана эл аралык укук коргоо уюмдары Израилдин агрессиялык саясатын айыптап келет.
Аллах Таала Палестинадагы мусулман бир туугандарыбыздын абалын жеңилдетип, маселенин жакшы жакка чечилишине жардам берсин! Оомийн!
27 июнь 2022
24 июнь 2022
20 июнь 2022
16 июнь 2022
13 июнь 2022
8 июнь 2022
7 июнь 2022
2 июнь 2022
30 май 2022
27 май 2022
26 май 2022
26 май 2022
25 май 2022
23 май 2022
20 май 2022
20 май 2022
18 май 2022
10 май 2022