Көз карандысыз ишкерлер жана өндүрүшчүлөр асоциациясынын (MÜSİAD) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү борбор калаабызда мусулман ишкерлердин башын бириктирген ооз ачуу уюштурду.
Иш-чарага КРдин Чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Эргешов Алтынбек, Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр, Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, MÜSİADдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасынын орун басары Суат Акпынар, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, TIKAнын Кыргызстандагы координатору Осман Уста, “Маариф” билим берүү борборунун жамааты катышты. Ошондой эле ооз ачууга кыргыз жана түрк ишкерлери, мамлекеттик эмес уюмдар жана ММК өкүлдөрү чакырылды.
MÜSİADдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасынын орун басары Суат Акпынар иш-чара тууралуу буларга токтолду:
Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мусулман ишкерлеринин биримдигинде MÜSİAD сындуу уюмдардын мааниси чоң экендигин айтып өттү:
MÜSİAD 1990-жылы 12 мусулман ишкердин демилгеси менен түзүлүп, бүгүн аталган бирикменин 12 миңден ашуун мүчөсү бар. MÜSİADдын дүйнөнүн 81 өлкөсүндө 164 филиалы, мындан сырткары Түркияда 83 филиалы бар. Бирикме мүчөлөрү 60 миңдей ишканага ээлик кылып, 2 млн кишини жумуш менен камсыз кылат.
MÜSİADдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2020-жылы ноябрда ачылган. Учурда бирикменин 30га чукул мүчөсү бар. MÜSİADга мүчө болууну каалаган жергиликтүү ишкерлер бирикмеге кайрылса болот.
24 июнь 2022
17 июнь 2022
16 июнь 2022
14 июнь 2022
13 июнь 2022
13 июнь 2022
9 июнь 2022
8 июнь 2022
7 июнь 2022
7 июнь 2022
2 июнь 2022
31 май 2022
31 май 2022
30 май 2022
27 май 2022
23 май 2022
20 май 2022
10 май 2022