Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
“Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Араб Падышалыгы чукул маалымат тараткандыктан улам, убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлерге 25-апрелден тарта төлөмдөр башталарын кабарлайбыз. Ажылык сапарынын төлөмдөрү 5 күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт”, - деп жазылат маалыматта.
Ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмесин бул шилтеме https://test.okmot.kg/hadj_2021/view/public/talapker.xhtml жана катталган аймагындагы операторлор аркылуу билсеңиз болот.
Быйыл чет элдик зыяратчыларга кандай талаптар коюлду
Зыяратчылар 65 жашка чыга элек болушу жана толук эмдөөдөн өтүшү керек;
Сауд Аравиясына барганга чейин 72 сааттын ичинде алынган COVID-19га терс ПЦР тести зарыл;
Ажылыкка барганда зыяратчы COVID-19 эпидемиясына байланыштуу бардык эрежелерди сакташы керек.
Эскерте кетсек, 2020-жылы пандемияга байланыштуу жергиликтүү 60 миң эле адам ажылык кылган. Чет элдик жарандарга орун каралган эмес.
27 июнь 2022
24 июнь 2022
24 июнь 2022
20 июнь 2022
17 июнь 2022
16 июнь 2022
14 июнь 2022
7 июнь 2022
2 июнь 2022
31 май 2022
27 май 2022
26 май 2022
26 май 2022
25 май 2022
23 май 2022
23 май 2022
19 май 2022
18 май 2022