Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйнөдө качкындардын саны рекорддук деңгээлге жетти

Жарыяланды: 20 май 2022

Өткөн жылы качкындардын жана жер которгон адамдардын саны 59,1 миллионго жетти. Атайын изилдөө Норвегиянын качкындар кеңеши жана Ички жер которууга көзөмөл жургүзүү борбору тарабынан өткөрулдү.

%article_title%

Маалыматта кээ бир адамдар бир нече ирет жер которууга аргасыз болгондугу жазылат. Чыр-чатактан улам жашаган жерин алмаштыргандардын саны 2020-жылга караганда 50%га өскөн.

Быйылкы жыйынтык тынчсыздандырат. “Эч качан мындай болгон эмес. Дүйнө кыйрап жатат. Качкындар боюнча абал өтө начар”, - дейт изилдөөнү жүргүзгөн Норвегиянын качкындар кеңешинин жетекчиси Ян Эгеланд.

Украиндагы кырдаалга байланыштуу 8 млн адам ички миграцияга туш болсо, 5 млнго жакын киши чет өлкөгө чыгып кетишкен.

Жер которгон адамдардын көптүгү боюнча Африка биринчи орунда. Эфиопиядагы куралдуу конфликттен жана Эфиопия, Сомалидеги кургакчылыктан улам 5 млн киши үй-жайын таштоого аргасыз болушкан. Афганистан, Конго Демократиялык Республикасы, Мьянма өлкөлөрү да качкындар боюнча рекордду жаңылашты. Жакынкы Чыгыштан жана Ливиядан агылган качкындардын саны жогору бойдон калууда.

11 жылдык согуштан кийин Сириядан 6,7 млн, ошондой эле Конгодон 5,3 млн, Колумбиядан 5,2 млн, Афганистан жана Йеменден 4,3 млн киши кетүүгө мажбур болгон.

Жер которуунун себеби бир гана согуш эмес, ачкачылыктан да качкын болгондор көп. Мозамбик, Мьянма, Сомали жана Түштүк Судан сыяктуу өлкө жарандары азык-түлүк коопсуздугунан улам кетип жатышат.

“Дүйнөлүк лидерлердин ой-жүгүртүүсүн түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Бул адамзатка келген балээлерди токтотуп, чыр-чатактарды алдын алууга жана чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”,

- деп жыйынтыктады Эгеланд.



Башка жаӊылыктар
Саудовская Аравия стремится к экологически чистому хаджу
27 июнь 2022
Бишкекте эл аралык деңгээлдеги Куран жарыш уюштурулат
24 июнь 2022
Танзила майыптыгана карабай, чоң иштерди кылып келет
24 июнь 2022
84 жаштагы мусулман эне университетке тапшырды
20 июнь 2022
Мусулман футболчу Садио Мане такыбаа кызга гана үйлөнөрүн билдирди
17 июнь 2022
Ажылардын алгачкы тобу Мединага сапар тартты
16 июнь 2022
Жаңы окуу жылынан тарта мектептерде “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы окутулат
9 июнь 2022
Индияда Мухаммед пайгамбарды ﷺ кемсинткен саясатчы партиядан четтетилди
7 июнь 2022
Курман Айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
7 июнь 2022
Мусулман айым Темсайдга мэрдин орун басары болуп шайланды
31 май 2022
Таж-Махал мечитинде туристтер намаз окугандыгы үчүн камакка алынды
30 май 2022
Стамбулда 393 хафизди сыйлоо аземи уюштурулду
30 май 2022
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Индиядагы жоолукчан аялдарды колдойт
27 май 2022
Бишкектеги борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы салынат
26 май 2022
Мухаммед Салах “Алтын бутса” сыйлыгына ээ болду
25 май 2022
Аль-Азхар университетинин студенти 4,5 айда Куранды колго жазып бүттү
20 май 2022
Пакистандык блогер мотоцикл менен умра кылды
19 май 2022
Христианчылыкты окуган япон дин таануучу жыйынтыгында Исламды кабыл алды
10 май 2022
Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов