Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүүдө

Жарыяланды: 25 май 2022

Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүп жатат. Түрк ашканасынын оригиналдуулугун, ден соолукка пайдасын жана калдыксыз экендигин таанытууну көздөгөн гастрономиялык жумалык 21-майда башталган. Иш-чара 27-майга чейин уланмакчы.

%article_title%

Жумалыкта дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторго түркиялык тажрыйбалуу ашпозчулар өз колдору менен жасаган тамактарынан даам сыздырышат. Ошондой эле алар тамак жасоо ыкмалары, алардын ден соолукка пайдасы тууралуу кеңири айтып беришет. Иш-чара үчүн атайын менюлар түзүлгөн. Кылымдык тарыхы бар, маданий мурасты чагылдырган тамак-аштар даярдалып, ири ресторондарда конокторго тартууланат.

%article_title%

Анатолий тарыхынан бери түптөлүп, салттуу рецепттери менен белгилүү түрк ашканасы бүгүнкү күндө ашкана тендецияларына толук жооп берүү менен дүйнөлүк ашканадан өз ордун тапты десек болот. Түрк рецепттеринде кандай продукция болбосун калдыксыз колдонулат. Муну менен экологиялык тазалыгы, туруктуу даамы да сакталат. Сыйлыкка татыган ашкана менюсунан вегетариандар да тамак-аштын түрүн таба алышат. Анткени түрк ашканасы жогорку сапаттагы зайтун майы менен бышырылган, чөп-чардан жасалган тамактары менен белгилүү.

%article_title%

Түркия мамлекети түрк ашканасын дүйнөгө таанытуу үчүн атайын онлайн гид turkishcuisineweek.com сайтын иштеп чыкты. Гастрономиялык онлайн платформага оригиналдуу рецепттер, мыкты ашпозчулардын тамак жасаган видеолору, академик жана диетологдордун кеп-кеңештеринен турган макалалар жүктөлгөн. turkishcuisineweek.com түрк жана англис тилдеринде иш алып барууда.

Эскерте кетсек, миңдеген жылдардан бери түрдүү цивилизациялардын ордосу болуп келаткан Түркиянын Газиантеп, Хатай жана Афёнкарахисар шаарлары гастрономия боюнча ЮНEСКОнун Креативдүү шаарлар бирикмесине (Creative Cities Network) киргизилген.

%article_title%

Муну менен катар Стамбул – ашкана маданияты менен белгилүү калаалардын бири. Стамбул жакында эле Michelin дүйнөнүн эң алдыңкы ресторандар уюмунун рейтингинде 38-орунду ээледи.



Башка жаӊылыктар
Түркиянын биринчи айымы жаратылышты коргоого кошкон салымы үчүн сыйланды
26 июль 2022
Сауд Арабиясы Ютубдан адепсиз жарнамаларды өчүрүүнү талап кылды
25 июль 2022
Окуучулардын хиджаб кийүүсүнө тыюу салынган индиялык штатта жеке менчик мектептерди ачылат
22 июль 2022
Операциядан жаңы чыккан жигит азан айтып, таң калтырды
21 июль 2022
Ажыларга быйыл 12 млн литр зам-зам суусу таратылды
19 июль 2022
Бангладештик мусулман 7 жылдан бери өз эрки менен таштанды чогултуп келет
18 июль 2022
Ажылык кылган зыяратчыларга 25 миң белек таратылды
12 июль 2022
Кара-Суу районунда 5 миң орундук мечит ачылды
8 июль 2022
Саудовская Аравия стремится к экологически чистому хаджу
27 июнь 2022
Танзила майыптыгана карабай, чоң иштерди кылып келет
24 июнь 2022
84 жаштагы мусулман эне университетке тапшырды
20 июнь 2022
Мусулман футболчу Садио Мане такыбаа кызга гана үйлөнөрүн билдирди
17 июнь 2022
Бишкекте түрк кинолорунун жумалыгы өтүп, тасмалар акысыз көрсөтүлөт
14 июнь 2022
Венецияда биринчи жолу мечит ачылды
13 июнь 2022
Индияда интернет өчүрүлүп, көчөгө чыккан мусулмандар кармалууда
13 июнь 2022
Жаңы окуу жылынан тарта мектептерде “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы окутулат
9 июнь 2022
Фатима жөнүндө тартылган фильм мусулмандардын нааразычылыктарынан кийин кинотеатрлардан алынды
8 июнь 2022
Индияда Мухаммед пайгамбарды ﷺ кемсинткен саясатчы партиядан четтетилди
7 июнь 2022
Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов