Дүйнөдөгү атактуу мусулман футболчу, “Ливерпуль” футбол клубунун чабуулчусу Мухаммед Салах карьерасында 3-ирет “Алтын бутса” сыйлыгын жеңип алды.
Быйыл Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" сыйлыгына египеттик Мухаммад Салах жана «Тоттенхэм Хотспурдун» кореялык жарым чабуулчусу Сон Хын Мин ээ болушту. Бул эки оюнчунун эсебинде 23 гол бар.
Ошондой эле, Салах Футбол журналисттеринин ассоциациясы тарабынан “Жылдын мыкты футболчусу” деп табылды.
29 жаштагы Мухаммед Салах 2017-жылы “Ливерпуль” клубуна “Ромадан” келген эле. Чабуулчу Премьер-лиганын 180 оюнунда 118 гол киргизген.
Мухаммед Салах көптөгөн кайрымдуулук иштери аркылуу белгилүү. Турмуштун оор сыноосун өткөрүп жаткан адамдарга көп жылдан бери колдоо көрсөтүп келүүдө. Ал мекендештеринин үй-бүлө куруусуна финансылык жардам берип, көптөгөн жаштардын үйлөнүүсүнө салым кошкон. Ошондой эле Мухаммед өз өлкөсүндөгү жаштардын футбол клубуна, оорукана, билим берүү борборлорунун иштөөсүнө демөөрчүлүк кылып келет.
28 июль 2022
25 июль 2022
22 июль 2022
21 июль 2022
21 июль 2022
19 июль 2022
18 июль 2022
14 июль 2022
12 июль 2022
8 июль 2022
4 июль 2022
28 июнь 2022
27 июнь 2022
24 июнь 2022
14 июнь 2022
13 июнь 2022
8 июнь 2022
7 июнь 2022