Режиссер Эли Кингдин «Асман айымы» ("The Lady of Heaven") фильми чоң экрандарда көрсөтүлө баштагандан тартып, Улуу Британияда нааразычылыктарды жаратты. 2 сааттык фильмде Фатима бинт Мухаммеддин (р.а) өмүр баяны менен таанышып, андан күчтүү жана чыдамкай болуу сабагын алган ирактык жетим кыздын тагдыры баяндалат.
Аталган фильм бир гана Мухаммед пайгамбарды ﷺ көрсөткүндүгү үчүн эмес, суннит, шиит мусулмандар ортосундагы чыңалууну ого бетер күчөткөндүгү үчүн да айыпталды. Бул коомчулукту бөлүп-жарган олуттуу маселе болгондуктан, фильм кинотеатрларда чыгуусуна бир нече күн калганда, Улуу Британияда көрсөтүлбөөсүн талап кылган петициялар башталган. Миңдеген мусулмандар бул кайрылууну колдоп, биригишкен.
“Фильмде Мухаммед пайгамбарга ﷺ түздөн-түз урматсыздык көрсөтүлгөн. Ошондой эле бардык терс каармандарды кара терилүү актерлор ойногон расисттик тасма. Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары да жаман чагылдырылган. Бул фильмди кинотеатрлардын экрандарынан алып салууну талап кылабыз. Анын көрсөтүлүшү өлкө боюнча нааразычылыктарды жаратып, мусулмандар тарабынан кабыл алынбайт”, - деп жазылат маалыматта.
26 июль 2022
25 июль 2022
25 июль 2022
22 июль 2022
21 июль 2022
19 июль 2022
18 июль 2022
14 июль 2022
8 июль 2022
28 июнь 2022
27 июнь 2022
24 июнь 2022
24 июнь 2022
17 июнь 2022
16 июнь 2022
9 июнь 2022
7 июнь 2022
7 июнь 2022