Жалпы билим берүү мекемелеринде диндердин тарыхы тууралуу сабакты киргизүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, жаңы окуу жылынан баштап өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы базистик окуу планына киргизилет.
“Бул предметтен сабак берген мугалимдер диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок болуусу шарт. Ошондой эле жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты болушу керек”, - деп айтылат маалыматта.
Кадрлар жетишпеген учурларда тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн тарых мугалимдери жана педагогдор окутса болот. Мугалимдерге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги текшерүү иштерин жүргүзгөн соң окутууга уруксат берилет.
Эскерте кетсек, Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте "Дин маданиятынын тарыхы" сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген.
26 июль 2022
25 июль 2022
21 июль 2022
19 июль 2022
14 июль 2022
12 июль 2022
8 июль 2022
8 июль 2022
4 июль 2022
28 июнь 2022
27 июнь 2022
24 июнь 2022
24 июнь 2022
17 июнь 2022
16 июнь 2022
13 июнь 2022
7 июнь 2022
7 июнь 2022