Өткөн жума Индияда башкаруучу партиянын өкүлү Нупур Шарманын пайгамбарыбызга ﷺ айтылган кемсинтүүлөрүнө каршы бир катар митингдер болуп өттү.
Индия мусулман өлкөлөрү менен болгон дипломатиялык көйгөйлөрдөн улам анын себепчисине айланган Нупур Шарманы жана өнөктөшү Навин Кумар Жиндалды партиядан чыгарган. Ошондой эле аларга карата кылмыш иши козголгон болчу.
Бирок элдин кыжырдануусун бул нерсе токтоткон жок. Өлкөнүн ар кайсы штаттарында миңдеген адамдардын катышуусунда демонстрациялар орун алды. Мусулмандар митингде ишенимин сыйлоону, дин тутуу жана хиджаб кийүү эркиндигин талап кылышты.
Өлкө чыгышындагы Ранчи шаарында полиция менен кагылышуу маалында 2 өспүрүм каза болду. Полиция Утте-Прадеш штатындагы нааразычылык акциясында 300 адамды камакка алды.
Батыш Бенгалияда өзгөчө кырдаал жарыяланып, 16-июнга чейин массалык чогулуштарга тыюу салынды. Ошондой эле 70 адам интернетте позициясын билдиргени үчүн кармалып, өлкөдө интернетти эки күнгө өчүрүү чечими кабыл алынды.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Индиянын негизги соода өнөктөштөрү болгон: Катар, Сауд Арабиясы, БАЭ, Оман жана Иран сыяктуу өлкөлөр дипломатиялык нааразылык акцияларын өткөрүп, Индия өкмөтүнөн пайгамбарыбызга ﷺ айтылган акарат үчүн кечирим суроону талап кылышкан.
28 июль 2022
25 июль 2022
21 июль 2022
21 июль 2022
19 июль 2022
18 июль 2022
14 июль 2022
12 июль 2022
8 июль 2022
8 июль 2022
27 июнь 2022
24 июнь 2022
24 июнь 2022
20 июнь 2022
17 июнь 2022
13 июнь 2022
7 июнь 2022
7 июнь 2022