Өлкөбүздөгү 17 мектепке “NAMA” эл аралык уюму тарабынан окуу жабдыктар тапшырылды. Бул долбоор КРдин Билим берүү министрлигинин колдоосуна ээ болуп, “Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору жана “NICE Кыргызстан” менен биргеликте ишке ашты.
Аталган долбоордун алкагында 17 мектеп төмөнкү жабдыктар менен камсыздалды:
Ноутбук – 18 даана;
MFP (көп функциялуу жабдык) – 6 даана;
Проектор – 16 даана;
“Смарт 55” телевизору – 4 даана;
Интерактивдүү доска – 16 даана;
Принтер – 14 даана;
Проектор үчүн экран – 6 даана;
Компьютер – 20 даана;
Мектеп парталары – 302 даана;
Мугалимдер үчүн стол – 17 даана;
Мугалимдер үчүн отургучтар – 15 даана;
Китеп шкафы – 6 даана;
Маркердик доска – 12 даана;
Доска – 1 даана.
Мектептерди жакшыртуу долбоору “NAMA” тарабынан мурдагы жылы да ишке ашып, 10 мектеп окуу жабдыктарын алган. “NAMA” бир гана окуу жабдыктар менен камсыздабастан, билим берүү тармагында бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Кыргыз коомчулугунун потенциалын жогорулатуу үчүн билим берүү, социалдык өнүгүү, жаштарды өнүктүрүү жаатында көптөгөн программаларды ишке ашырып келет.
16 ноябрь 2023
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
31 июль 2023
20 июль 2023
20 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
13 май 2023
13 май 2023
6 ноябрь 2022
22 сентябрь 2022
2 сентябрь 2022