Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мусулман ишкерлердин башын бириктирген МУСИАД өлкөбүздө кеңсесин ачты

Жарыяланды: 17 январь 2023

МУСИАД – Ислам принциптерин карманып иштөө менен мусулман ишкерлерди бириктирип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан дүйнөлүк деңгээлдеги уюм.

%article_title%

Бизнес чөйрөсүндөгү алдыңкы уюмга мүчө болуу үчүн кыргызстандык ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көз карандысыз өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясы Бишкекте өз кеңсесин ачты.

%article_title%

Ачылыш аземине Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын жетекчисинин орун басары Элмира Бакаева, Түркиядан МУСИАД төрагасынын орун басары Давут Алтунбаш баштаган ондон ашык ири ишкерлердин делегациясы, МУСИАДдын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрү, жергиликтүү бизнес өкүлдөрү катышты.

%article_title%

Кыргызстандан азырынча 16 ишкана МУСИАДга мүчө болуу менен соода байланыштарын кеңейтти. Бирикменин башкы максаттарынын бири - Кыргызстан менен Түркия ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү. Муну ишке ашыруу үчүн МУСИАД түрк инвесторлорун Кыргызстанга тартуу, ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Түркияга сатууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт.

%article_title%

Уюмга мүчө болгон ишкер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?

- Соода байланыштары кеңейип, өнөктөштөрдү табуу;

- Кардарлардын санын арттыруу;

- Орток соода жеңилдиктеринен пайдалануу;

- Чет өлкөдөгү ишкерлер менен эки тараптуу чогулуштар;

- Бюрократиялык жеңилдиктер;

- Көз карашы окшош адамдарды табуу;

- Жарманке жана көргөзмөлөргө катышуу;

- Башка өлкөлөрдө уюштурулган иш сапарларында виза жеңилидктери.

%article_title%

1990-жылы Түркияда түптөлгөн МУСИАД Ислам дүйнөсүндөгү ишкерлерди бириктирип, дүйнөлүк экономикада эң таасирдүү уюмга айланууну максат кылат. Учурда уюмдун 13 миңден ашуун мүчөсү бар. Мүчөлөр 6 миң ишканага ээлик кылып, 2 млн адамды жумуш менен камсыз кылат.

%article_title%

Мындан тышкары, МУСИАД социалдык милдеттерин да аткарып келет. Уюм жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтөт.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
Нью-Йорк шаардык университетинин студенти Израилдин зулумдугун сындады
9 июнь 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
Уганда өлкөсү ЛГБТга каршы катаал мыйзамга кол койду
1 июнь 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Британиядагы белгилүү миллиардер Исламга келди
13 май 2023
Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды
13 май 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
Намаз убактылары
5 октябрь 2024г.
Багымдат
5:30
Күндүн чыгуу
7:04
Бешим
12:50
Аср
16:51
Шам
18:40
Куптан
20:11
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов