Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды

Жарыяланды: 31 март 2023

Түркия былтыр Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү жана туруктуу өнүгүү пландарын түзүү боюнча сунуш киргизген. Анкаранын бул сунушу БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан колдоо таап, 30-март дүйнө жүзү боюнча “Калдыктарды жок кылуунун Эл аралык күнү” деп жарыяланды.

%article_title%

«Нөл калдык» (“Zero Waste”) долбоору менен Түркия дүйнөнү кабатырга салып турган экологиялык жана жаратылышты коргоо долбоорлорун алдыга жылдырууда үлгү өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Аталган программа ысырапкорчулуктун алдын алуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, калдык, таштанды чыгарбоо, анын алдын алуу же минималдаштыруу, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүүнү көздөйт.

Түрк ашканас

%article_title%

ында калдыксыз жана туруктуу кулинардык практика философиясы сакталган. Тамак-аштан таштанды чыкпайт, ысырапкорчулукка жол берилбейт. Табигый жана органикалык азыктардан жасалган тамак-аштар түрк дасторконунда маанилүү ролду ойноп келет. Түрк ашканасында кандай гана тамак жасалбасын ингредиенттер ысырап болбойт. Мисалы, эскирген нандан да көптөгөн тамактар жасалат. Калган палоо шорпо же күрүч пирогуна айланат. Долмаларды жасоо үчүн ашкабактын же баклажандын ичин алып салышат. Таштандыга ыргытпастан, башка даамдуу тамак чыгарышат.

%article_title%

ТҮРКИЯДАГЫ ТУРУКТУУ ТУРИЗМ

Түркия Улуттук Туруктуу Туризм программасын түзүү үчүн GSTC менен кызматташууга кол койду. Дүйнөнүн эң алдыңкы экологиялык жана туруктуулук платформасы болгон GSTC Түркия үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Өлкө бул макулдашуу менен да дүйнөгө өрнөк боло алды десек болот. Түркия GSTC менен түзүлгөн келишимдин алкагында, туруктуу туризм боюнча улуттук программасын иштеп чыкты. Бул багытта да дүйнөдө биринчиликти багынтты.

Өткөн жылы башталган Туруктуу туризм программасы жергиликтүү калктын социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу, маданий мурастарды өркүндөтүү, булганууну азайтуу жана ресурстарды сактоо менен бирге биологиялык ар түрдүүлүктү, экосистемаларды, жаратылыштын кооздугун коргоо багытында иш алып барууда. Туруктуу туризм долбоору 2030-жылга чейин ишке ашырылат. Алгач туруктуу конок жай долбоорун аягына чыгаруу каралган. Туруктуу туризм программасынын талабы боюнча Түркиядагы конок үйлөрдүн баары 2023-жылдын аягына чейин 1-даражадагы Туруктуу туризм күбөлүгүн алуусу керек.



Башка жаӊылыктар
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
Курандын өрттөлүшүнө каршы чыккан мусулмандар
5 сентябрь 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
АКШнын полиция кызматкерлери мусулман кыздын жоолугун мажбурлап чечишкен
9 июнь 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды
13 май 2023
Британиядагы белгилүү миллиардер Исламга келди
13 май 2023
Велотуризм: EUROVELO & CYCLING конференциясы быйыл Измирде өтөт
14 апрель 2023
Мусулман ишкерлердин башын бириктирген МУСИАД өлкөбүздө кеңсесин ачты
17 январь 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 май 2024г.
Багымдат
3:26
Күндүн чыгуу
5:31
Бешим
12:58
Аср
18:11
Шам
20:29
Куптан
22:06