Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Велотуризм: EUROVELO & CYCLING конференциясы быйыл Измирде өтөт

Жарыяланды: 14 апрель 2023

Европа боюнча велосипед туризмин өнүктүрүүнү көздөгөн EuroVelo & Cycling Tourism Conference быйыл Түркиянын Измир шаарында өтөт. Эл аралык велотуристтик конференция ушул жылдын 11-октябрында башталып, үч күнгө созулат. Иш-чарага келген коноктор Измирдеги "Bike Friendly" күбөлүгүн алган отелдерге жайгаштырылат.

%article_title%

EuroVelo & Cycling Tourism Conference 2012-жылдан бери эки жылда бир жолу уюштурулуп келген. Бирок катышуучулар жана кызыккандар көбөйгөндүктөн, конференция быйылдан тарта жыл сайын өткөрүлмөй болду. Конференцияны Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги, Түркиянын Туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) жана Измир шаардык мэриясы, Европа велосипедчилер федерациясынын (ECF) колдоосу менен уюштуруп жатат.

%article_title%

EuroVelo & Cycling Tourism Conference велоспорт туризми үчүн эң маанилүү эл аралык жолугушуу болуп саналат. Конференция катышуучуларга велоспорт тармагындагы акыркы инфраструктуралык өнүгүүлөргө көз салуу жана идеяларды алмашуу аркылуу жаңы байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Конференциянын негизги темасы "Велосипед: Мурас үчүн жаңы багыт, жаңы көз караш” деп аталат. Жыйында велотуризм боюнча ар түрдүү панелдер, диалогдор жана маалымат алмашууга багытталган кызыктуу программалар болот. Ал эми жыйындын программасы программасы сессиялардан, семинарлардан жана коомдук иш-чаралардан турат. Ошондой эле велоспорт туризми боюнча ар тараптуу тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

EuroVelo — бул велосипед тебүүнүн ар түрдүү 17 жолу менен Европаны бириктирген эл аралык велосипед тармагы болуп саналат. Европа Велосипедчилер Федерациясына (ECF) баш ийген бул тармак вело туризмди өнүктүрүү багытында иш алып барат.

EuroVelo 2023 конференциянын Түркияда өткөрүлүүсү өлкөнүн туруктуу туризмге олуттуу көңүл буруп жатканын кабар берет. Конференциянын жүрүшүндө велотурлар уюштурулат. Катышуучулар EuroVelo 8 – Жер Ортолук деңизи маршрутуна кирген жерлерди (Испаниядан башталып, Франция, Италия, Словения, Хорватия, Черногория, Албания жана Греция, Измир жана Түштүк Кипрге чейин) кыдырып, Измирдин тарыхый жана гастрономиялык баалуулуктарын көрүп чыгышат.

%article_title%

Испаниянын Андалусия аймагынан башталган веломаршрут Измирдин Дикили портунан Түркияга кирет. Алгач ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген Байыркы Пергам шаарына келет. Маршрут андан ары Измир Куш Бейиши, Каршыяка, Алсанжак, Сеферихисар, Сыгажык, Урла жана Алачатыдан өтүп, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген дагы бир байыркы шаар Эфеске келип токтойт.

Түркиянын вело жолдору Измир менен гана чектелген эмес. Өлкө өзүнүн өзгөчө географиялык жайгашуусу жана байыркы тарыхы менен велосипед туризми үчүн өтө уникалдуу жер. Түркияда өзүнүн маданий мурастары кол тийбеген жаратылышы жана альтернативдик туризм борборлору менен таанышкысы келгендер вело туристтер үчүн жетиштүү каттамдар бар.



Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Курандын өрттөлүшүнө каршы чыккан мусулмандар
5 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
Миллиондогон мусулмандар ажылык кылуу үчүн Меккеге агылууда
21 июнь 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
Кара-Балта: Куранды жаттап бүткөн 30 хафиз диплом алышты
9 июнь 2023
Нью-Йорк шаардык университетинин студенти Израилдин зулумдугун сындады
9 июнь 2023
АКШнын полиция кызматкерлери мусулман кыздын жоолугун мажбурлап чечишкен
9 июнь 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды
13 май 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
11 сентябрь 2024г.
Багымдат
5:00
Күндүн чыгуу
6:37
Бешим
12:58
Аср
17:27
Шам
19:23
Куптан
20:57