Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды

Жарыяланды: 13 май 2023

Стамбулдагы легендарлуу “Кыз кулеси” реконструкцияланып, толук оңдоп-түзөөдөн кийин туристтер үчүн кайрадан ачылды. Эми музей катары ачылгандан кийин зыяратчылар Кыз мунарасынын терезелеринен Стамбулдун кооздугуна да суктана алышат.

%article_title%

“Кыз кулеси” түрк тилинен которгондо “Кыз мунарасы” дегенди түшүндүрөт. Босфор кысыгында жайгашкан бул мунара эми эстелик музей катары элге кызмат кылат. Кыз кулеси алгач биздин заманга чейинки 5-кылымда бажы бекети катары курулган. Ал Босфор кысыгы аркылуу өткөн кемелерди башкаруу жана салык чогултуучу маанилүү жер болгон.

%article_title%

Осмон императору Фатих Султан Мехмед доорунда бул жерге жыгач мунара курулуп, кийинки кылымдарда күзөт мунарасы, маяк жана карантиндик аймак катары кызмат кылган. Республика доорунда шаардын порт бийлиги тарабынан көпкө колдонулуп келген мунара 1964-жылы Түркиянын Коргоо министрлигине, андан кийин 1983-жылы Түркиянын деңиз ишканаларына өткөрүлүп берилген. Бул мезгилде радиолокациялык станция жана кампа катары кызмат өтөгөн. Кийинчерээк ресторан катары да иштеп турган. Үскүдардын жээгинен мунарага кайыктар менен гана жетүүгө болот.

%article_title%

Кооздугу менен Стамбулдун көркүн ачкан Кыз кулеси тууралуу бир катар уламыштар бар. Биринчи уламышта падыша жана аны кызы тууралуу айтылат. Анда бир көзү ачык падышага “Кызың жылан чаккандан өлөт” деп кабарлайт. Муну уккан падышанын тынчы кетип, кызын коргоо үчүн Салажактын аскаларына Кыз мунарасын курдурат. Бирок падышанын кызы тагдырынан качып кутула албайт. Себетке салынган жемиштерге жылан оролуп кирип, ханбийкени чагып өлтүрөт.

%article_title%

Стамбул шаарынын силуэтинде көрүнгөн имараттардын бири болгон Кыз кулеси деңиздин ортосунда жайгашкан. Аба ырайы улам өзгөрүп тургандыктан, бул мунара ар дайым өзгөчө коргоого муктаж.

Инстаграм социалдык тармагы 2016-жылы дүйнөдөгү эң көп сүрөтү тартылган жерлердин тизмесин жарыялаган. Анда 5-орунда Стамбулдун символдорунан бири болгон Кыз Кулеси да киргизилген. Мындай маанилүү факторлорду эске алуу менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги 2021-жылы «Кыз мунарасы кайрадан көзүн ачат» аттуу реставрация долбоорун ишке ашырып, мунараны толугу менен ондоп чыкты. Долбоор министрликтин көзөмөлүндө болуп, адис, академиктер жана архитекторлордун кеңеши менен ишке ашырылды. Акыркы реставрациянын алкагында мунаранын тарыхый документтеринде болбогон бардык конкреттүү толуктоолор алынып салынды. Кошумчалай кетсек, мунара, ал турган арал казыктар жана сейсмикалык изоляторлор менен бекемделген. Мунаранын короосунун үстүнкү чатыры алынып, анын ордуна баштапкы формага ылайык даярдалган жыгачтан чатыр коюлду. Короо жана сырткы кабаттар да тарыхый жазууларда аныкталган баштапкы абалына кайтарылды.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
АКШнын полиция кызматкерлери мусулман кыздын жоолугун мажбурлап чечишкен
9 июнь 2023
Нью-Йорк шаардык университетинин студенти Израилдин зулумдугун сындады
9 июнь 2023
Уганда өлкөсү ЛГБТга каршы катаал мыйзамга кол койду
1 июнь 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Велотуризм: EUROVELO & CYCLING конференциясы быйыл Измирде өтөт
14 апрель 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
Намаз убактылары
25 июнь 2024г.
Багымдат
3:07
Күндүн чыгуу
5:24
Бешим
13:04
Аср
18:24
Шам
20:49
Куптан
22:33
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов