21- майда дүйнө боюнча Түрк ашканасынын жумалыгы башталат. Аталган кулинардык иш-чара түрдүү цивилизациялардын изин чагылдырган, берекелүү география жана бай тарыхка ээ түрк гастрономиясынын глобалдык майрамы эсептелинет. Быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жаткан Түрк ашканасынын жумалыгында ЮНЕСКОнун Чыгармачыл шаарлар тармагы тарабынан
«Дүйнөнүн 26-гастрономиялык шаары» деп таанылган Хатайдын аймактык ашканасына басым жасалат. Ошондой эле түрк тамак-аш маданиятында калдыксыз өндүрүш практикасын жайылтууга өзгөчө маани берилет. Түрк ашканасы жумалыгын Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги координациялап жатат.
ТҮРК АШКАНАСЫНЫН КАЛДЫКСЫЗ БАЙЫРКЫ САЛТТАРЫ
Түрк ашканасы жумалыгынын катышуучулары жергиликтүү ингредиенттерди жана салттуу тамак жасоо ыкмаларын колдонуу менен Хатайдын жергиликтүү тамактарын даярдап, байыркы жана туруктуу түрк ашканасы менен кеңири таанышышат. Ошол эле учурда алар түрк ашканасынын бай биологиялык ар түрдүүлүгү жана анын ар кандай жеп-ичүү тенденцияларына жооп берүүгө даярдыгы, потенциалы жөнүндө маалымат алышат. Ошондой эле түрк ашканасынын туруктуу жана калдыксыз мамилеге негизделген тамак жасоо методологиясын практикалык түрдө жасап көрүп, тажрыйба алышат. Иш-чаранын жүрүшүндө түрк кофеси, чайы жана локумдары сунушталып, катышуучулар түрк ашканасынын көптөгөн түрлөрүнүн даамын тата алышат.
ХАТАЙ ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР ТАБЛИЦАСЫ
Түрк ашканасы жумалыгында Хатай ашканасынын даамдарына арналган өзгөчө меню көрсөтүлөт. Хатай – өзгөчө ашканасы менен көпчүлүктүн көңүл бурган түрк шаарларынын бири. Хатай ашканасы жогорку сапаттагы зайтун майы жана дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, жашылчалары, мөмөлөрү, жергиликтүү чөптөрү жана Жер Ортолук деңизинин климаты үстөмдүк кылган түшүмдүү топурактарда өстүрүлгөн жыпар жыттуу заттары менен өзгөчөлөнүп турат.
Тарыхта көптөгөн түрдүү цивилизациялардын изи калган шаардын кулинардык мурасы өзгөчө таңкы тамагы жана түрдүү менюлары менен кишинин көңүлүн бурат.
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
31 июль 2023
20 июль 2023
21 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
30 май 2023
30 май 2023
13 май 2023
13 май 2023
14 апрель 2023
31 март 2023
21 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022
2 сентябрь 2022