Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз

Жарыяланды: 30 май 2023

%article_title%

УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалдык оюндары быйыл Түркияда өтөт. Дүйнөнүн эң маанилүү спорттук иш-чарасы 10-июнда Стамбулдагы Ататүрк Олимпия стадионунда башталат. Футбол күйөрмандарын көптөгөн сыйлыктар жана эң кызыктуу жолугуушулар күтмөкчү.

%article_title%

Кызыктуу маданияты жана искусствосу, жашоосу, даамдуу ашканасы, тарыхый жерлери, уникалдуу шаар архитектурасы, жандуу түнкү жашоосу жана кеңири соода мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлөнгөн Стамбул футбол күйөрмандары үчүн өзгөчө саякат тартуулайт. Оюндар финалына чыкканга чейин сиз дүйнөнүн эң суктанган мегаполисин бир жума бою кыдырып, динамикалуу шаар, анда агылган жашоо, атмосферадан энергия алып кетсеңиз болот.

%article_title%

%article_title%

ЧЕМПИОНДОР ФЕСТИВАЛЫ

УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына арналган Чемпиондор Фестивалы 2023-жылдын 8-11-июнь күндөрү Стамбулдагы Йеникапы фестиваль майданында өткөрүлөт. Ал эми УЕФАнын акыркы чемпиондор турнири 9-июнда саат 16:00дө башталат. Спорттук иш-чарага Chris Luno B2B Ceaus, Guillaume de Kadebostany жана Lost Frequenciesтер түзгөн 2 диджей группасы да чакырылган. Түркиянын расмий туризм таанытуу платформасы GoTürkiye программасы UEFA'нын элчилеринен бири болуп саналат.

БАЙЫРКЫДАН КАЛГАН БАЙ МУРАСТАР

%article_title%

Стамбул өзүнүн көп маданияттуу өзгөчөлүгүн жана бай тарыхын чагылдырган тарыхый жерлери жана архитектурасы менен дүйнө жүзү боюнча миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат. Көптөгөн цивилизациянын очогу болгон шаар, стратегиялык маанилүүлүгү, түрдүү доор жана маданияттардын издери калган тарыхый имараттары менен баалуу да, барктуу да болуп келет.

"Тарыхый жарым аралда" шаардын көптөгөн кооз имараттары жайгашкан. Стамбулду бир тарабынан байыркы шаар дубалдары, экинчи жагынан Босфор, Мармара деңизи жана Алтын мүйүз аралы курчап турат. Ошондой эле байыркыдан калган Аясофия, Топкапы сарайы, Көк мечит, Стамбул археологиялык музейи туристтерди жана саякатчыларды өзүнө тартат. Стамбулдун мунаралары да сөзсүз баш багып, көрүп кететурган жер. Шаарга бийиктен көз саламын десеңиз анда Галата мунарасы чыгыңыз. Ал эми Кыз мунарасы Стамбулду тап такыр башка ракурстардан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

%article_title%

ИСКУССТВО МЕНЕН МАДАНИЯТ АЙКАЛЫШКАН КАЛАА

%article_title%

Стамбул шаары байыркы доордун маданий динамизми менен каада-салттарын айкалыштырган музейлери, заманбап искусство галереялары, маданий борборлору, сүрөтчү жана дизайнерлерге толгон көчөлөрү, концерттик аянтчалары менен чыгармачыл адамдар үчүн табылгыс байлык, казына десек болот.

ТАҢ КАЛТЫРГАН ТАМАК-АШ МАДАНИЯТЫ

Стамбул тамактын түрүм менен башкаларды алдыга салдырбаган байыркы калаа. Кылымдар бою түрдүү маданияттар тарабынан калыптанган өзгөчө түрк ашканасы бул шаарды зыярат кылуунун негизги себептеринин бири болуп саналат.

БАЙЫРКЫ БАЗАР

%article_title%

%article_title%

Стамбул тарыхый базарлары, люкс бутиктери жана дизайнер дүкөндөрү менен зыяратчыларга бай соода тарыхын көрсөтөт. Шаардын байыркы атмосферасын сезе аласыз. Чыныгы колго жасалган килемдер, кафель менен жабылган керамика жана салттуу кол өнөрчүлүк сыяктуу сувенирлерди Чоң базар жана Татымал базары сыяктуу тарыхый соода жайларынан сатып ала аласыз. Таксим менен Нишанташыдан болсо дүйнөгө таанымал дизайнерлердин акыркы мода буюмдарын да жолуктурасыз.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
Миллиондогон мусулмандар ажылык кылуу үчүн Меккеге агылууда
21 июнь 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
АКШнын полиция кызматкерлери мусулман кыздын жоолугун мажбурлап чечишкен
9 июнь 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды
13 май 2023
Британиядагы белгилүү миллиардер Исламга келди
13 май 2023
Велотуризм: EUROVELO & CYCLING конференциясы быйыл Измирде өтөт
14 апрель 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
Мусулман ишкерлердин башын бириктирген МУСИАД өлкөбүздө кеңсесин ачты
17 январь 2023
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
Намаз убактылары
23 май 2024г.
Багымдат
3:25
Күндүн чыгуу
5:31
Бешим
12:58
Аср
18:12
Шам
20:30
Куптан
22:07
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов