Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түрк дүйнөсүн бириктирген "Деде Коркут" фестивалы өттү

Жарыяланды: 31 июль 2023

17-23-июль күндөрү Түркиянын Байбурт шаарында “Деде Коркут” эл аралык маданий жана искусство фестивалы өткөрүлдү. Жүздөгөн жылдар бою түрк дүйнөсүнүн маданий өзгөчөлүгүн, ошондой эле орток мурасын алып жүргөн Деде Коркут майрамына миңдеген жергиликтүү жана чет элдик коноктор келди.

%article_title%

Деде Коркут түрк маданиятынын көрүнүктүү инсандарынын бири болгон. Анын “Деде Коркут” эпикалык поэмасындагы баатырдык, эр жүрөктүүлүктү баяндаган окуялары түрк тарыхын жана маданий өтмүшүн чагылдырган эмгек катары эл колунан түшпөй окулуп келет.

Деде Коркут майрамы Масат айылындагы Деде Коркут күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталды. Фестивалда чирит оюндары, жергиликтүү тамак-аш жарманкелери, сүрөт жана кол-өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулуп, коомдук жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

“Деде Коркут” маданий жана искусство фестивалына түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 300 миңге жакын катышуучулар келди.

“Түрк дүйнөсүнүн даанышманы” катары тилге алынган Деде Коркут түрк эпикалык поэзиясы жана аңгемелеринде өтө көп кездешет. Анын ысымын, даанышман сөздөрүн түрк элдеринин уламыштары жана аңгемелеринде көп жолуктурасыз. Ар кандай риваяттарда аны «Коркут» же «Коркут Ата» деп да атап коюшат.

«Деде Коркут» түрк элинин баатырлары тууралуу окуяларды баяндайт. Деде Коркуттун эмгектеринде негизинен түрк уруулары жана үй-бүлөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, маданияты, үй-бүлө түзүлүшү жана адеп-ахлактары жөнүндө маанилүү маалыматтар камтылган. Бул окуялар кийинки муундарга өтмүштү, бабалар басып өткөн жолун жеткирүү максатында жазылган деп болжолдонууда.

Түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген Деде Коркут мурасы да 2018-жылдан бери ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.



Башка жаӊылыктар
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
Кара-Балта: Куранды жаттап бүткөн 30 хафиз диплом алышты
9 июнь 2023
АКШнын полиция кызматкерлери мусулман кыздын жоолугун мажбурлап чечишкен
9 июнь 2023
Уганда өлкөсү ЛГБТга каршы катаал мыйзамга кол койду
1 июнь 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Британиядагы белгилүү миллиардер Исламга келди
13 май 2023
Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды
13 май 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
15 апрель 2024г.
Багымдат
4:38
Күндүн чыгуу
6:21
Бешим
13:02
Аср
17:45
Шам
19:48
Куптан
21:03