Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан адал азыктардын жарманкеси 28-февралда жыйынтыкталат. Жарманкеге Кыргызстандагы Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун адал сертификатын алган 30дан ашуун компания катышып, эт, сүт, дан азыктары жана мусулман кийимдери, китеп-журналдар өз баасынан арзан сатылууда.Встроенное изображение 1
Аталган жарманке ар кайсы улуттун жана диндин өкүлдөрүнүн кызыгуусун жаратты. Тургундар продукциялардын сапатынын талапка жооп берерин айтышып, ыңгайлуу баада болгондугу кызыктырды дешүүдө.
Жарманкеде айрым компаниялардын накта экологиялык таза азыктары өзгөчө көңүл бурууга татыды.
Ош облусунун тургуну Арстанбек Маматов кайнатылбай жасалган экологиялык таза "Бал ширин" вареньесин алып келген. "Биз вареньебизди Казахстан, Кытайга дейре экспорттойбуз. Буга чейин Бишкекте сатыкка кое элек болчубуз. Азыгыбызды даярдоодо пайдалуу витаминдердин сакталышына өзгөчө көңүл бурулат",-деди.
"Намазалы" дыйкан-чарбасы Бишкек шаарынын тургундарын адал жол менен союлуп даярдалган тоок эти менени камсыздайт.
Кыргызстанда таза жол менен багылган жаш козулардын сулп эттери, түштүк региондон келген кургатылган жемиштер Катарга,Евробиримдикке жана Европа өлкөлөрүнө дейре экспорттолот. Дүйнөлүк аренада ата мекендик продукциялар жогору бааланары жарманкеге катышкан өндүрүүчүлөр тарабынан тастыкталды.
Жарманкенин көркүн таттуу нан азыктарын сатып, андан түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшаган ыктыярчылар ачышты.
Жарманкеге азык-түлүк, кийим-кечеден тышкары ислам багытындагы китеп-журналдар да коюлду.
Аталган иш-чарага Кыргызстандагы алгачкы Ислам финансы ассоцациясы да катышып, адал ишкерлик жүргүзүүнүн жолдорун кеңири түшүндүрүп беришти. 2014-жылы уюшулган Ислам финансы ассоцациясынын координатору Медетов Бектур ишкерликтин жолдору шарияттын жол-жоболорунун негизинде ишке ашса, Кыргызстандын экономикасы тез арада өнүгөрүнө ишенет.
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
20 июль 2023
21 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
30 май 2023
30 май 2023
18 май 2023
13 май 2023
31 март 2023
6 ноябрь 2022
22 сентябрь 2022
21 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022