Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Үч күн аралыгында ачка жүрүү, бүткүл иммундук системаны калыбына келтирет

Жарыяланды: 14 июнь 2016

Үч күн аралыгында ачка жүрүү, бүткүл иммундук системаны калыбына келтирээрин (жада калса, жашы улгайган адамдарда дагы) аныктаган окумуштуулар, бул ачылышты укмуштуу жаңылык катары баалашты.

Ачка жүрүү, диетологдор тарабынан сын-пикирлерге кабылганына карабастан, жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, ачка жүргөндөрдүн клеткалары, ак кан клеткаларын пайда кылып, алар инфекция менен жигердүү күрөшөт.

Түштүк Калифорния университетинин окумуштуулары белгилегендей, аталган ачылыш, онкологиялык оорулардын натыйжасында, химиялык терапия алып, иммундук системасы жабыркаган адамдар үчүн өзгөчө пайдалуу. Ал гана эмес, бул ачылыш улгайган адамдарга да таасирдүү. Анткени, алардын жашы өткөн сайын, кеңири таралган ооруларга туруштук берүү натыйжасыз боло баштайт.

Окумуштуулар белгилегендей, орозо кармоо «кайра калыбына келүү багытын алмаштырып», клеткалардын, жаңы ак кан клеткаларын пайда кылышын жандандып, анын натыйжасында, бүткүл иммундук система кайра калыбына келет.

Калифорния университетинин геронтология жана биология илимдеринин профессору, Вальтер Лонго мындай дейт: "Бул, клеткаларга «Башта» командасын берип, натыйжада, бүткүл система кайрадан түзүлөт. Дагы бир жакшы кабар, орозо кармоодо, дене, жабыркаган же натыйжасыз деп эсептелген микроорганизмдерден арылат. Эгерде, организм химиялык терапиядан күчтүү жабыркаса, ачка жүрүүдөн, жаңы иммундук система түзүлөт. Узак убакыт ачка жүрүү, организмди сакталып турган глюкозаны жана майды колдонууга мажбурлап, ак кан денечелеринин көпчүлүк бөлүгү бузулууга учурайт.

Ачка болгон учурда, ак кан клеткалары өзгөрүүнү козгоп, анын негизинде, иммундук системанын жаңы клеткалары түзүлө баштайт.

Тажрыйба жүргүзүлүп жаткан учурда, адамдар, алты ай аралыгында, 2-4 күн ачка болушкан. Окумуштуулар аныктагандай, узак убакыт ачка жүрүү, протеинкиназа А ферментин төмөндөтүп, залалдуу шишиктин өрчүү тобокелдигин жогорулаткан гормондордун санын азайтып, улгаюнун алдын алат.

Профессор Лонго белгилегендей: «Узак убакыт ачка жүрүү, кан пайда кылуу тутумунун клеткаларына мынчалык таасир тийгизерин билген эмеспиз. Биз, узак убакыт ачка жүргөндө, адамдын жана жаныбарлардын организмдеринде, кандагы лейкоциттердин саны саны азайганын байкай алдык. Кайрадан тамак ичип баштаганда, кандын клеткалары калыбына келет. Ошентип, алар кайдан пайда болот? – деген суроо жаралды».

72 саат аралыгында, ачка жүрүү, залалдуу шишик оорусунан жабыркагандарды, химиялык терапиянын уулуу таасиринен коргойт.

Түштүк Калифорния университетинин клиникалык медицина кафедрасынын доценти, Таня Дорфф белгилегендей: «Химиялык терапия өз кезегинде, өмүрдү сактаганы менен, иммундук системага орду толгус зыян алып келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, орозо кармоо, химиялык терапиянын зыяндуу таасирлерин азайтат. Бул акыркы чек эмес. Дагы бир катар клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Ушул сыяктуу диетикалык кийлигишүүлөр, дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлөт».

Профессор Лонго: «Бул таасирлер, иммундук системадан тышкары, органдар системасына жана организмге кандай таасир тийгизерин изилдеп жатабыз».

Бирок, буга карабастан, кээ бир британ эксперттери, изилдөөлөргө шектенүү менен мамиле кылышкан. Лондондун университеттик колледжинин, иммунология боюнча ардактуу профессору, доктор Грэхам Рук, изилдөөнү «укмуштуу» деп айткан.

Лондондун университеттик колледжинин регеративдик медицина боюнча профессору, Крис Мейсон: «Мында, кызыктуу маалыматтарды байкасак болот. Ачкачылык учурунда, клеткалардын саны жана көлөмү азайып, 72 сааттан кийин, тамактанганда, кайра калыбына келүү байкалат. Бул пайдалуу болушу мүмкүн. Аны менен бирге, залалдуу шишик оорусунан жабыркагандарга анчалык деле зыяндуу эмес. Анткени, ал анчалык деле узак убакытка созулбайт. Менин оюм боюнча, мындай таасирге жетүү үчүн, дары каражаттарын колдонуу аң-сезимдүү ыкма. Ачка болуу, мыкты идея экендигине көзүм жетпейт. Андыктан, адамдар үчүн үзгүлтүксүз тамактануу пайдалуу».

Доктор Лонго: «Ачка болуу, кооптуу экендиги жөнүндө эч кандай далилдер жок. Бирок, ошол эле учурда, анын пайдалуу экендиги иш жүзүндө далилденип жатат. Мен, залалдуу шишик оорусунан жабыркаган адамдардан, жүздөгөн каттарды алдым. Алар, дарыгерлердин жардамы аркасында, химиялык терапиядан кийин, ачка болуу ыкмасын колдонушкан. Ушул кезге чейин, алар, ачка жүрүүнүн жакшы таасирлери бар экендигин белгилешип, кээ бирлери гана, эс-тутумду жоготуу жана боордун өлчөмүнүн убактылуу чоңоюп кетиши сыяктуу таасирлерди белгилешкен. Көрүнүп тургандай, биз, клиникалык сыноолорду жыйынташыбыз керек. Чындыгында, бул ыкманын келечеги кең десем жаңылышпайм».



Башка жаӊылыктар
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Катарда Рамазандын урматына 500дөн ашык товардын баасы арзандайт
6 май 2019
Ошто масштабдуу “Рамазан - жан дүйнө майрамы” иш-чарасы болот
30 апрель 2019
Кыргызстан китепти көп окуган өлкө катары дүйнөдөгү ондукка кирет
25 апрель 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар
Намаз убактылары
18 август 2019г.
Багымдат
4:25
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:05
Аср
17:58
Шам
20:03
Куптан
21:27