Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Islamic Relief - өмүр бактысы, кайрымдуулук ачкычы

Жарыяланды: 14 июнь 2016

Islamic Relief - бул, 1984-жылы студент-магистранттар тобу тарабынан негизделген, көз карандысыз өкмөттүк эмес уюм.

Islamic Relief - 30 жылдан бери, муктаж жана кембагал адамдарга жардап берип, Аллахтын ырайымы менен, дүйнөдөгү эң ири, ислам өкмөттүк эмес уюмуна өсүп жетти. Жакында, бул уюм "Бул Рамазанда, өмүрлөрдү сактоого жардам кылалы" аттуу кайрымдуулук акциясын башташты.

"Бул Рамазанда, өмүрлөрдү сактоого жардам кылгыла"

Милли, жаш жетим кыз. Алдамчылардын колуна түшүп, алар сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

Сахар, жогоруда аты аталган каарманыбыздын апасы, баласы, Газа секторунда өлтүрүлгөн.

Шимона, бул кыз көчөлөрдө тилемчилик кылып, жол жээктеринде уктоого аргасыз.

Бул, "Ислам жардамы" (Islamic Relief) уюму, ушул Рамазанда жардам берүүгө белсенген, үч адамдын тагдыры. Аталган үч адам, сиздердин жардамыңыздарга өтө муктаж. Андыктан, аларды жакырчылыктын тузагынан алып чыгып, жаркын жашоо тартуулоо баарыбыздын аракетибизден көз каранды. "Ислам жардамы" (Islamic Relief) 32 жыл мурда негизделип, сиздер менен биргеликте, 109 миллион адамга жардам бере алдык. Бул Рамазанда, сиздер менен бирге, жүздөгөн, миңдеген адамдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртө алабыз.

Берген жардамыбыз текке кетпейт:

70 фунт стерлинг - эки сириялык баланын билим алуусун камсыздай алат.

166 фунт стерлинг - анчалык чоң эмес кыштактын калкы үчүн, жаандын суусун чогулта турган жабдуу сатып алууга болот.

320 фунт стерлинг - биздин "калкты социалдык жактан коргоо" тизмесине киргизип, Милли сыяктуу аялуу балдарды коргоого шарт түзөт.

Рамазандын көптөгөн берекелеринин бири, жакыр жана таалайсыз адамдардын абалын түшүнүүгө шарт түзөт. Тамак-ашсыз, суусуз өткөргөн сааттарыбыз, ооз ачаар мезгилде (ифтар), кенен-кесир тамактануу менен алмашаарын, ошол эле учурда, миллиондогон адамдар, бир нече күн же жумалап, ачка отурганын эстен чыгарбашыбыз керек.

Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: "Кимде-ким, бир тууганынын кандайдыр-бир муктаждыгына жардам берсе, анын муктаждыктарына Аллах жардам берет" (Муслим)

Рамазандын сыйлыктарын чогулт

Рамазан учурунда, кыйналып жаткан адамдарга кайрымдуулук кылуудан өткөн нерсе жок. Ар бир кылган жакшы иштерибиз, бул берекелүү айда, 700 эсе көбөйөт, Субханаллах! Пайгамбар (ага тынчтык болсун!) бул айда өтө март болуп, айтты: "Эң мыкты кайыр-садака - бул Рамазан айында берилген садака" (Тирмизи).

Демек, Анын сүннөтүн жолдоп, кошумча сыйлыктарга татыйлы. Ал үчүн, бул Рамазанда, зекетти жана садаканы марттык менен берели. Милли, Сахар жана Шимона сыяктуу миңдеген, миллиондогон адамдар биздин жардамыбызга, дубабызга муктаж. Андыктан, биздин катарыбызга кошулуңуз. Биз, сиздин колдооңузга абдан муктажбыз!

Булак: http://www.islamic-relief.org.uk/about-us/history/



Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
Курандын өрттөлүшүнө каршы чыккан мусулмандар
5 сентябрь 2023
Түрк дүйнөсүн бириктирген "Деде Коркут" фестивалы өттү
31 июль 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
АКШнын полиция кызматкерлери мусулман кыздын жоолугун мажбурлап чечишкен
9 июнь 2023
Уганда өлкөсү ЛГБТга каршы катаал мыйзамга кол койду
1 июнь 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды
13 май 2023
Велотуризм: EUROVELO & CYCLING конференциясы быйыл Измирде өтөт
14 апрель 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
Намаз убактылары
28 март 2024г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:52
Бешим
13:07
Аср
17:31
Шам
19:27
Куптан
20:42
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов