Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Мээримдүү тыйын" – жардылардын муктаждыктары үчүн

Автору: Мирлан Токтобеков / Жарыяланды: 13 июль 2016
1 / 14

Бириккен Улуттар Уюумунун Түштүк -Түштүк кызматташуу программасынын демилгеси менен Элим Барсыңбы Коомдук кайрымдуулук фондунун “Мээримдүү тыйын” иш чарасынын өзгөчө жана уникалдуулугуна басым жасап КМШ, чыгыш Европа жана араб өлкөлөр арасында өрнөк катары көргөзүү жана жайылтуу максатында өздөрүнүн сайтына бул иш чара тууралуу төмөнкү маалыматты жайгаштырышты.

Бүткүл дүйнөлүк банктын 2014-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын калкынын 30.6 пайызы, жакырчылыкта күн кечиришет. Алар, азык-түлүк өндүрүмдөрүнөн тартып, кийим-кече, турак-жай жана кымбат баалуу операцияларга, түрдүү жардамга муктаж. Мында, эң негизги көйгөй, муктаж адам менен ага жардам бере алчу адамдын ортосундагы тыгыз байланыштын жоктугу. Бул көйгөйдү чечүүгө, «Элим Барсыңбы?» кайрымдуулук фонду белсенип киришип, «Мээримдүү тыйын» аталышындагы демилгени ишке киргизген. Көпчүлүк кыргыз үй-бүлөлөрү, акчаларын үйүндө кутуда сакташып, аны үй чарбачылыгындагы чыгымдарга колдонушат. Демилгенин негизги идеясы, адамдарды, кутуда сактаган акчаларын, жарды-жалчылардын муктаждыктарына жардам берүү үчүн уюштурулган иш-чарага алып келүүгө үндөө эле.

Кайрымдуулук акциясын өткөрүү үчүн, адамдарды жана каражаттарды топтоо, бери жагы эле, 2-3 айды талап кылгандыктан, Фонд кийинки кадамдарды ишке ашырат:

• Facebook, Twitter, Instagram жана башка ушул сыяктуу социалдык тармактар, медиа маркетингдик каражаттар аркылуу (Фонддун бул тармактардагы баракчаларына он миңдеген адамдар катталган), боло турган окуялар жөнүндө маалымат таратуу;

• Кайрымдуулук акцияларына ырчыларды, продюсерлерди жана соода борборлорун аралаштыруу:

• Коомдогу кызыкчылыкты арттыруу үчүн, коомдук башталыштагы видеостудиялар иш алып барып, атайын социалдык видеороликтерди жана сүрөттөрдү даярдашат. Демөөрчүлөрдү шыктандыруу үчүн, видеороликтерде, алардын эн белгилери (логотип) чагылдырылган маалыматтар берилип, кайрымдуулук максаттардагы ишмердүүлүгү чагылдырылат;

• Ар бир видео жана сүрөт материалдарында, элге таанымал ырчылар, коомду кайрымдуулукка үгүттөп, кайрымдуулук иш-чараларында бекер ырдап беришет;

• Иш-чараларды өткөрүү үчүн, соода борборлорунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, иш-чара өткөрүлүүчү орунга акы төлөнбөйт.

Кайрымдуулук акциясы ишке киргенден тарта, Бишкек шаарында жана Талас облусунда өткөрүлгөн, 4 иш-чаранын негизинде, 1130105 сом (16876 АКШ доллары) чогулуп, Кыргызстандын чегинде операция жасатууга муктаж адамдарга бөлүштүрүлүп берилген.

1) 2015-жылдын 15-майында, Бишкек шаарында өткөрүлгөн кайрымдуулук иш-чарасында, 501555 сом (7486 АКШ доллары);

2) 2015-жылдын 15-ноябрында, Бишкек шаарында өткөрүлгөн кайрымдуулук иш-чарасында, 253 865 сом (3789 АКШ доллары);

3) 2016-жылдын 27-мартында, Талас облусунда өткөрүлгөн кайрымдуулук иш чарасында, 81 607 сом (1218 АКШ доллары);

4) 2016-жылдын май айында, Бишкекте өткөрүлгөн кайрымдуулук акциясында, 293 078 сом (4374 АКШ доллары).

Демилге олуттуу таасир тийгизди:

- 2000 ашык үй-бүлө, өз акчаларын, социалдык колдоо үчүн жумшашты. Мындай салым, коомдогу социалдык тилектештик сезимин ойготсо, экинчи жагынан, өсүп келе жаткан муунга, таалим-тарбия болуп да эсептелет. Бул, балдардын жардылардын муктаждыктары жөнүндө маалымат алуу деңгээлин жогорулатып, аларды акча чогултууга үндөйт. Салым кошкон балдарга, ыраазычылык иретинде, белек-бечкектер менен сыйлоо жолго коюлган;

- 15 адамга, мээнин, жүрөктүн, көз катарактасынын жана залалдуу шишик ооруларынын операциялары жүргүзүлүп, сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

- Бизнес чөйрөсүнүн социалдык жоопкерчилиги жогорулап, иш-чара өткөрүүгө, бекер имарат же орун берген соода борборлорунда, «Социалдык окуялар жана жоопкерчилик» программалары иштелип чыгып, жогоруда аталган демилгенин негизги бөлүгү болуп саналат;

- Катышуучулар жана алуучулар үчүн, каражат топтоонун жаңы ыкмалары (фандрайзинг жана краудфандинг) жөнүндө маалымат берилет.

Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, «Бишкек Парк» жана «Vefa Center» соода борборлорунун жетекчилиги, атактуу ырчылар.



Башка жаӊылыктар
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Түркия Рамазанда 3 миллиондон ашык адамга гуманитардык жардам көрсөтөт
7 май 2019
Ошто масштабдуу “Рамазан - жан дүйнө майрамы” иш-чарасы болот
30 апрель 2019
Кыргызстан китепти көп окуган өлкө катары дүйнөдөгү ондукка кирет
25 апрель 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 август 2019г.
Багымдат
4:25
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:05
Аср
17:58
Шам
20:03
Куптан
21:27
Макалалар