Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте толеранттуулукка үндөгөн “Достук лентасы” семинары өтүүдө

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 8 октябрь 2016

Бүгүн, 8-октябрь, Бишкекте “Достук лентасы” аталышындагы бир күндүк семинар өтүүдө. Аталган иш-чара инициативдүү жаштар тарабынан уюштурулуп, “Умма” ислам журналынын жана “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун колдоосу менен ишке ашууда. Семинардын максаты - ар түрдүү көз караштагы жаш кыздардын башын бириктирип, конструктивдүү жарандык диалогго чакырган аянтча түзүү.

Семинардын уюштуруучулары акыркы учурда коомчулукта жана интернет айдыңында түрдүү көз караштардын жана стереотиптүү ой жүгүртүү себебинен талаш-тартыштар, агрессивдүү кайым айтыштар болуп жаткандыгын айтышат:

“Ар бир адамдын жашоого жана дүйнөгө болгон жеке көз карашы жана баалуулуктары бар. Бирок буга карабастан бардыгыбыз Кыргызстандын жараныбыз. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн бизди көптөгөн максаттар бириктирип турат. Бул семинар катышучуларды толеранттуулукка, башка адамдардын көз карашын сыйлоого жана өз идеясын таңуулообоого чакырат” дешет.

Иш-чара Ахунбаев-Тынчтык проспектиси көчөлөрүнүн кесилишинде башталды. Бул жерде семинардын катышуучулары бири-бири менен таанышып, колдоруна достукту жана биримдикти билдирген түстүү лента тагынышты. Андан соң семинар өтө турчу «Green City мейманканасына чейин жөө жүрүш болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында, бул жөө жүрүштүн максаты-көз караштарыбыздын ар түдүүлүгүнө карабастан бизди көп нерсе бириктирип турарын, кандай гана көйгөй болбосун диалог жолу менен чечүүгө болорун коомчулукка жеткирүү.

Практикалык семинардын жүрүшүндө катышуучулар бири-бири менен жакындан таанышып, толеранттуулукка багытталган интерактивдүү оюндарды ойношот. Бир күн бою чогуу болушуп, бири-бири менен диалог куруп, бири-биринин оюн угуп, тапшырмаларды биргеликте чечишмеки.

Семинар кечки саат 5ке чейин уланат.

1 / 54



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47