Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Скотт Лайвли: Кыргызстандыктарды ЛГБТ коомчулугуна сабырдуулук менен мамиле кылып, бирок мыйзамдуу түрдө укук бербөөгө чакырам

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 14 октябрь 2016

“Америкалыктар менен европалыктар да ЛГБТ-кыймылына сиздер сыяктуу эле каршы экендигине сиздерди ишендиргим келет. Мен, пастор жана Библияда жазылган эрежелерди бекем сактаган христиан катары, бүгүнкү күндө калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Кыргызстандын эли менен бирге бул кыймылга каршы турам. Дүйнөдөгү бардык адамдарды, улуту, дини, тили, жынысына карабай, адамзаттын орток баалуулугу болгон үй-бүлөнү коргоп калууга чакырам. Мен Кыргызстан элин ЛГБТ коомчулугуна сабырдуулук менен мамиле кылып, бирок мыйзамдуу түрдө аларга атайын укук бербөөнү суранам. ЛГБТ-коомчулугун коргоп келе жаткан чет өлкөлүк державаларга сиздерди эң кымбат үй-бүлө баалуулугунан ажыратып коюшуна жол бербеңиздер”.

Мындай чакырыкты 13-октябрда Бишкекте өткөн “Дени-сак үй-бүлө менен экстремизге каршы туруу” эл аралык конференциясында “Үй-бүлө баалуулуктарын коргоо” эл аралык уюмунун президенти, юридика илимдеринин доктору, профессор Скотт Лайвли айтты.

Көз карандысыз жарандык аналитик-эксперттердин тобу жана “Тилекмат аке” коомдук фонду тарабынан уюштурулган аталган эл аралык конференцияга мамлекеттик бийлик органдарынан, эл аралык, жаштар, спорт уюмдары, диний уюмдар, диаспора өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, эл аралык эксперттер, манасчылар, дегеле бул маселеге кайдыгер карабаган коомдун мүчөлөрү чакырылган. Анткени салттуу эмес ориентациядагы мамилелердин пропагандаланышы үй-бүлө институтуна доо кетирет.

Акыркы учурдагы ЛГБТ кыймылынын активдүү ишмердүүлүгүнө кайдыгер карай албаган жарандык активисттердин чакыруусу менен Скотт Лайвли Кыргызстанга келип, конференциянын жүрүшүндө өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал көп жылдан бери бул кыймылды тереңден изилдеп, күрөшүп жүргөн адамдардын бири.

“Мен адам укугу боюнча кеңешчи жана адвокат катары 50 дөн ашык өлкөнү кыдырып келдим. Сексуалдык төңкөрүштү жана анын адам укугуна тийгизген таасирин изилдедим. Адам укугу деп ЛГБТларды коргогон уюмдардын бардыгы адамдарды айбандык инстинктен төмөн түшүрүп, “жасалма баалуулуктарды” киргизүү менен дүйнөнү башкарууну көздөшөт. ЛГБТларга мыйзамдык укук берүү-адамзаттын акыйкат укуктарына доо келтирүү, эзелтен бери келе жаткан моралдык баалуулуктарды тепсеп өтүү. Табигый үй-бүлөдө төрөлүп, чоңоюу адамзаттын баштапкы жана эң жогорку укугу. Өтө кыска аралыкта мыйзам жана соттор ЛГБТнын укуктарын коргой баштаганы өкүндүрөт”, - деди
профессор Лайвли.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чаранын максаты үй-бүлө баалуулуктарын коргой турган дүйнөлүк лига түзүү.

“Үй-бүлө бул-мамлекеттин негизги тиреги. Бир дагы академия же билим берүү мекемеси үй-бүлө институтун алмаштыра албайт. ЛГБТ кыймылынын кайсы бир күчтөр тарабынан пропогандаланып жатышы биздин келечегибизге чоң коркунучту туудурат. Андыктан, биз бул нерсеге кайдыгер карай алган жокпуз”,-дешти уюштуруучулар.

Конференциянын жүрүшүндө Баш мыйзамга үй-бүлө баалуулуктарын сактай бекемдей турган жана ЛГБТ таасирин чектей турган беренелерди киргизүү боюнча жаңы долбоор талкууланды.



Башка жаӊылыктар
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23