Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Айжан Акылбекова: “Элечекчен айым эч качан ыңгайсыз кырдаалга кабылган эмес”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Айжан Акылбекова / Жарыяланды: 18 октябрь 2016

Коомдук ишмер, “Оймок Арт” кийим студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекова жакында эле улуттук баалуулуулуктарга кайрылган “100 жана 1 элечек” долбоорун ишке ашырды. Маегибизде аталган долбоор, улуттук баалуулуктар, жана Айжан Акылбекованын өзү туурасында да кеп курдук.

-Ассаламу алейкум, Айжан айым. “100 жана 1” элечек долбоору туурасында кенен айтып берсеңиз.

-Валейкум ассалам. Биз мындан мурун да улуттук баалуулуктарга кайрылган бир катар долбоорлорду өткөрүп келгенбиз. Алсак, “Тарыхка кайрылуу”, “Аруулук”, “Мен элечекти сүйөм” долбоорлору. Ал эми “100 жана 1 элечек” долбоору улуттук кийимибизди коомго жайылтуу, анын кооздугун жана философиялык маанисин даңазалоо максаты менен ишке ашты. Акыркы учурларда коомдо кийим маселеси курч козголду. Биздин долбоор жоолукчан жана жоолугу жок деген эки ажырымды бириктирди деп ойлойбуз. Анткени “100 жана 1 элечек” долбооруна жоолугу бары да, жогу да катышкысы келип жатышты. 2 күндүн ичинде 600гө чукул айым катышууга каалоосун билдирди. Бул нерсе элибиздин өз тарыхына кайдыгер карабагандыгынан кабар берет.

-Долбоордун аталышы кызык экен. Чечмелеп берсеңиз.

-Башында “100 элечек” деп гана койгонбуз. Бирок кийин ойлонуп отуруп, “100 жана 1 элечек” деп өзгөрттүк. Анткени ар бир айым өзүн өзгөчө сезет эмеспи. 100 дүн бири болуп калбасын, 100дүн ичинен ар бири кайталангыс экендигин айткыбыз келди. Долбоордун жүрүшүндө ар бир айымга өзгөчө мамиле жасалды. Кийим, элечектерди өзүм тандап кийгиздим. Мындан тышкары профессионалдуу макияж жана фотосессия уюштурдук. Катышкандар өзүлөрүн ханышадай сезишип, кубанычтарын жашырышкан жок.

-Долбоор канча күнгө уланды жана анын каармандары ким болду?

-Белгилүүлөрдөн диктор Чынар Капарова, стилист Замира Молдошева, актриса Шаира Касымалиева, актриса, манасчы Ширин Сарыгулова. Элдин духун көтөрүү максатында өкмөттөн да айымдарды чакырганбыз. Бирок бир гана депутат Наталья Никитенко айым келип катышып берди. Өзгөчө каармандар деп атайын Балыкчыдан келген апаны айта алам. Мындан тышкары эмгек сиңирген мугалим, дарыгер апалар өз каалоолору менен келип, толкундануу менен катышып жатышты. Башка улуттардан татар, индус, орус улутундагы айымдар катышты.

-Бул долбоордун арты менен элечекти алгачкы жолу кийип жаткандар да болгондур. Катышуучулардын сезимдерин айтып берсеңиз.

-Мен катышуучуларыма суктанып жатып чарчадым. “Жарашпайт экен” деген бир да айым болгон жок. Суктануу, сүйүү сезими менен кийишти. Көрсө айымдар уяттуу жерлери жабылган кийимдерди өздөрү каалашат экен, улуттук кийимдерге болгон кусалык көрүнүп турду.

-Сөзүңүзгө аралжы, сиздин оюуңузча улуттук кийимдерди, ошол эле элечекти күнүмдүк жашоодо кийип жүрүүгө мүмкүнбү?

-Эмнеге болбосун,албетте, мүмкүн. Мен, мисалы, элечекти күнүмдүк турмушта эле кийип жүрөм. Эч кандай оорчулугу жок, кадимки эле кийимдей жана ыңгайлуу. Биз жакында так ушул нерсеге багытталган флешмоб өткөрүүнү пландоодобуз. Кыздар 1 күн бою коомдук жайларда, транспортто улуттук кийим, элечекчен жүрүп көрүшөт. Ал эми кечинде ыңгайлуу же ыңгайсыз экендиги жөнүндө ар ким өз оюн айтат. Балким мен машинеде жүргөндүктөн мага эле ыңгайлуу болуп жаткандыр. Айтор аны чогу анализдейбиз. Бирок ар бир айым күнүмдүк жашоодо улуттук кийимди кийип жүрүү сезимин татып көрсө дейбиз.

-Флешмоб деп калдыңыз, алдыдагы пландарыңыз менен окурмандарыбызга да бөлүшө кетсеңиз.

-Жаз айы менен “100 жана 1 элечек” долбоорун 1000ге жеткирели деп жатабыз. Бул так пландалган иш-чаралардан. Ал эми калганын дагы көрөбүз.

-Келиңиз эми элечектин маани-маңызына да кайрыла кетпейлиби.

-Албетте. Элечек бул уникалдуу баш кийим, кыргыздардын ойчул жана даанышман эл экендигинен кабар берип турат. Этнографтардын айтымында, элечектин 30-50 метр болуп оролгондугунун себеби, кыргыздар көчмөн калк болгондуктан жолдо аял төрөп калса, ороо-чулгоого элечектин оромдору колдонулчу. Ал эми жолдо бирөө каза болсо кепин катары пайдаланылчу. Бекеринен, кыргыз өмүр менен өлүмдү башында бир алып жүрөт деп айтылбайт. Мындан тышкары, белгилей кетчү дагы бир жагдай, элечекчен айым эч качан ыңгайсыз абалга кабылган эмес. Ал айымга күйөөлүү айым деп сый-урмат менен мамиле жасалган. Элечекке карап, анын кызыл кыргагынан жаш келин, күмүш кыргагынан балалуу келин экендиги билинип турчу. Элечектин бийиктиги айымдын кадыр - баркынан кабар берген. Биз мына ушундай баалуулуктарыбызды унутта калтырбай жандандырышыбыз зарыл. Улуттук кийимдерди тойдо, же концертте гана кийип койбостон күнүмдүк жашоого да алып келүү абзел деп эсептейм. Маселен, парламент же билим берүү мекемелеринде улуттук кийимдерди дресс-код катары киргизип койсо сонун болор эле.

-Кыргыздын салты менен ислам дининин түшүнүктөрү көп жеринен бири-бирине дал келет. Маселен ошол эле жабык кийинип жүрүү динде да, салтыбызда да бар. Сиз канча жашыңыздан баштап жоолук салына баштадыңыз?

-28 жашымдан баштап. Динде аял киши ачык жүрбөшү керек деген жерин 26 жашымда билдим. Ошол жерин окуп алып абай таң калгам. Буга чейин мага муну эч ким айткан эмес, өзүм да окубаптырмын. Жабык кийинип, жоолук салынганга мен алгач даярдандым, издендим, окудум. Башында көбү каршы болушкан, бирок кийинчерээк көнүп кетишти.

-Бул нерсеге кадам таштагандагы сезимдериңизди айтып берсеңиз.

-Мурун актриса болуп, ийгиликке жетип, элге таанымал болгонду мен чоң статус катары элестетчүмүн. Бирок жоолук салынып, кудай алдындагы милдетимди аткаргандагы сезимдер сөз менен жеткире алгыс. Бул такыр башкача статус жана башкача сезимдер.

Мен ошондо гана өзүмдүн накта ким экенимди сездим. Эгер айымдарга жабык кийинип жүрүү кудай алдындагы милдет экендигин жакшылап түшүндүрсөң эч кандай маселе жаралбайт, көнүмүш адат катары кабыл алышат. Кааласа жоолугун салынып алсын, кааласа элечегин кийсин, айрымасы жок. Бирок элечек баарыбир өзгөчө сезимдерди жаратат. Өзүңдү кадимки ханышадай элестетесиң.

-Сиз бир топ өлкөлөргө барып келдиңиз. Кыргыз айымдары башка улуттун айымдарынан эмнеси менен айырмаланат экен?

-Биздин айымдар өзгөчө камкор болушат. Мисалы, түрктөр менен арабдар аялдарын аябай карап, эркелетишет. Ал эми Батышта ар бири өз алдынча, экөө бири - биринен көз карандысыз. Кыргыз айымдары болсо баарына камкор жана чыдамкай. Баса, чет өлкө демекчи, чет жерде улуттук кийимдерди кийип жүрсөң суктануу менен карап, кайсы улуттан экениңди сурап, сүрөткө түшкөндү да каалашат. Менимче, өз улутун сыйлаган адам башкалардын да баркын билет.

-Негизи эле айымдар кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

-Мээримдүү жана жоопкерчиликтүүлүк абдан маанилүү. Анткени аялзаты коомдун тарбиячысы. Айымдар өзүнүн ордун билиши керек деп ойлойм. Ал эми биздин ордубуз, билесиз, бийик турат. Мен бардык айымдарга башкысы үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик каалайм.

-Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

1 / 17



Башка жаӊылыктар
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47