Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Япон ишкери кыргызстандыктарга “Momohime” адал косметикасын сунуштайт

Жарыяланды: 25 октябрь 2016

22-октябрда Бишкектеги “Park Hotel” мейманканасында беттин терисине кам көрүүчү “Momohime” адал косметикалык каражатынын бет ачары өттү.

“Momohime” косметикалык каражаты үстүбүздөгү жылдын 3-мартынан тарта сатыкка чыгып, өтө кыска аралыкта сапатынын мыктылыгын далилдей алды. Аталган косметикалык каражат Дүйнөлүк халал кеңешинин мүчөлүгүндөгү жана Бириккен Араб Эмираты тарабынан таанылган Япон ислам трастынын халал сертификатына ээ болуп, Москавада өткөн Халал экспо көргөзмөсүндө1-орунду жеңип чыккан. Учурда “Momohimе” 13 мамлекетке сатыкка чыкты.

Аталган косметикалык каражаттын автору, “Жапан Трейд” компаниясынын негиздөөчүсү Умар Кобаяши ислам динин кабыл алган соң, көптөгөн мусулмандар адал стандарттарына ылайык даярдалган косметикага муктаж экендигин түшүнгөн.

“Гонконг, Индонезия, Малайзия сыяктуу бир топ өлкөлөрдө болдум. Индонезиялыктар япон косметикасына талап күчтүү экендигин, бирок эгер бул косметикалык каражаттар халал стандарттарына ылайык даярдалса андан да сонун болорун айтышкан. Мына ушундан кийин мен бул иш менен алектенүүнү чечтим”
,-дейт Умар мырза.

Умардын үй-бүлөсү 80 жылдан бери органикалык жемиштерди, анын ичинен шабдаалыны өстүрүшөт. Бренддин “Momohimе” деп аталышы да жөн жерден эмес. Анткени ал “Шабдаалы ханышасы” деген маанини билдирип, бет терисине кам көрүүчү бул каражаттын негизги курамын шабдаалынын ширеси түзөт.

Белгилей кетсек, “Momohimе” адал косметикасынын бет ачарында “UMMA” ислам журналынын Фейсбуктагы баракчасында жүргүзүлгөн конкрустун жыйынтыгы да чыгарылып, Жибек Самудинова аттуу окурман аталган бренддин бетке кам көрүүчү толук комплектине ээ болду. Жибек “Momohimе” адал косметикасынын Кыргызстандагы алгачкы кардары болуп калды.

"Участвую!!!Потому что в состав Халяль -косметики входят лучшие натуральные компоненты:масла,экстракты,травы,вытяжки растений,ягод и витамины.Например экстракт василька,ромашки,розы для очищения лица,использование хны чтобы придать волосам эффект блеска и здоровья,маски из овсянки и различного вида фруктов.Косметика отвечающая стандартам Халяль не содержит вредные для здоровья химические вещества,животных жиров,алкоголя,желатина,глицерина.Цель же использования косметики-это сохранение здорового внешнего облика человека!Еще одна преимущество Халяль -косметики она уменьшает риск возникновения аллергии.В наше время,когда окружающее среда особенно в больших мегаполисах загрязнена возрастает актуальность использования Халяль продуктов,чтобы защитить себя и остоваться красивой!!!В Исламе всегда большое внимание уделялось чистоте тела и чистоте души и вот поэтому по канунам Ислама нужно максимально постораться использовать косметику,которая содержит только натуральные компоненты,которым одарил нас Всевыщний!!!"
, - деген комментарий үчүн, Жибек Самудинова баалуу белек утуп алды.

1 / 13



Башка жаӊылыктар
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:13
Күндүн чыгуу
07:51
Бешим
12:46
Аср
15:59
Шам
17:46
Куптан
19:01