Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйшөмбү жана бейшемби күнкү нафил орозолор

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 5 ноябрь 2016

Мусулмандарга парз кылынган ыйык Рамазан айындагы орозодон тышкары кармала турчу нафил (кошумча) орозолор да бар. Нафил орозолор күнөөлөрдүн кечирилишине жана чексиз сооп табууга өбөлгө түзөт. Биз дүйшөмбү жана бейшемби күнү кармалуучу орозого токтолобуз.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун) ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармаган. Бул тууралуу пайгамбарыбыздын жубайы Айша (Аллах андан ыраазы болсун):"Алланын элчиси ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармар эле", -дегени тастыктап турат.

Ал эми эмне үчүн дал ушул күндөрү орозо кармаганы тууралуу сахабалардын бири Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) баяндаган хадисте: Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун): "Адамдардын жасаган амалдары Жаратканга дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жеткирилет. Менин амалдарым мен орозо кармап жаткан кезимде жеткирилишин каалайм", -деген экен.

Сахаба Абу Катада аль-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан дүйшөмбү күнү кармала турчу орозо тууралуу сураганда, Ал: "Бул күнү мен жарык дүйнөгө келгем жана дал ушул күнү мага алгачкы аян түшүрүлгөн", -деп жооп берген.

Ошондой эле пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун) "Дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Аллах урушуп кеткен 2 адамдан башка бардык мусулмандын күнөөсүн кечирет. Ал эми урушуп кеткен 2 адам тууралуу "Аларды ал экөө элдешкиче жөн койгула",-деген.

Жогорудагы хадистерден Пайгамбарыбыз өзү ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармаганын жана анын себептерин билүүгө болот.

Нафил орозолор бир гана сооп таап, күнөөлөрдүн кечирилишинде эмес, адамдын ден-соолугуна да олуттуу пайдасын тийгизет. Бул тууралуу кайрадан эле хадиске таянсак, Алланын элчисинин үммөтүнө 1400 жыл мурун калтырган "Орозо кармагыла-ден соолукта болосуңар"-деген хадисинде чоң акылмандуулук жатат.

Ушул жылы Токионун Технологиялык Университетинин тери клеткасы боюнча адиси Ёсинори Осуми орозонун ден соолукка тийгизген пайдасын далилдеп, Нобель сыйлыгына татыды. Есинори Осуминин аутофагия механизминдеги ачылышы Нобель комитетин таң калтырды. Аутофагия-организмдеги керексиз клеткалардын кайра иштетилүү жана тазалануу процесси. Грек тилинен алынып, "өзүн өзү жеген" деп которулат. Аутофагия процесси тууралуу окумуштуулар өткөн кылымдын 60-жылдарында эле кабардар болушкан, бирок анын иштөө механизмин толугу менен түшүнө алышкан эмес. Ал эми окумуштуу Осуми изилдөө ишинин жыйынтыгында бул процесс үчүн жооп бере турган гендерди да таап чыккан.

Улуу Жаратуучу адамдын организмин ушунчалык уникалдуу кылып жараткан экен, организм өзүнө зыян алып келген ашыкча заттар менен адамдын катышуусу жок эле автоматтуу түрдө күрөшүү жөндөмдүүлүгүнө ээ.

Ёсинори Осуминин ачылышына таянсак, клеткалардагы "таштанды заттар" атайын "аутофагосома" деген капка чогулуп, лизосома контейнерине жайгашат. Лизосомада таштанды заттар өзүнөн өзү жок болот же кайра иштетилет. Кайра иштетилген заттар жаңы клеткалардын пайда болуусу үчүн "куруучу блок" кызматын аткарат. Аутофагиянын аркасында организм түрдүү инфекциялар менен токсиндерден кутулат. Ал эми бул пайдалуу процесс организм стрессти сезгенде, мисалы, ачка болгондо интенсивдүү түрдө иштей баштайт. Адам ачка болгондо клетка өзүнүн керексиз ресурстарынан энергия бөлүп чыгарып, алардан арылат. Ал эми аутофагия процессинин бузуусу ар кандай коркунучтуу ооруларга чейин алып келиши мүмкүн. Буга карата доктурлар жаңы дары-дармектерди чыгара башташты.Осуминин Нобель сыйлыгынын алышы менен бир катар чет өлкөлүк маалымат сайттары "Осуми рак оорусун айыктыра турган жана карылыкты жайлаткан дары-дармектин пайда болушуна өбөлгө түздү" деген маалыматтар чыга баштады. Бирок эч кандай дары-дармектерсиз эле орозо кармоо менен бул нерсени алдын алып койсо болорун мусулмандар жакшы билишет. Аткени Пайгамбарыбыздын "Орозо кармагыла-ден соолукта болосуңар" деген насааты бош сөз эмес.

Кытай окумуштуулары 1 жылда 1 ай ачка болуу жаштыктын негизи экендигин айтышса, 3 күн аралыгында ачка жүрүү бүткүл иммундук системаны калыбына келтирери илим тарабынан тастыкталган. Батыш жана чыгыш медицинасы да ачкачылыктын организмге тийгизген оң таасирлери туурасында бир катар эмгектерди жазышкан.

Орозону себеп кылып күнөөлөрдү кечирип, чексиз соопторго ээ кылып эле койбой адамдардын ден соолугуна кам көргөн Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр болсун! Мындай чоң белек, орозону, Рамазан айында гана кармабастан, Пайгамбарыбыз көрсөтүп кеткен жол менен кошумча орозолорду кармап турсак, өзүбүзгө эле чоң пайда алып келерин унутпайлы.

Нафил орозолорду кармоодо адам ичинен ниет кылат да, төмөнкү дубаны айтуу керек: «Навайту ан асума савма нафиля миналь-фаджри иляль-магриби халисан лил-ляхи та‘аля» (Таң аткандан күн батканга чейин Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн нафил орозону кармоону ниет кылдым).

Ал эми ооз ачып жатып төмөнкү дубаны айтуу зарыл:

«Аллахумма лякя сумту ва бикя ааманту ва алейкя таваккяльту ва ‘аля ризкыкя афтарту. Фагфирли, я гаффар ма каддамту ва ма аххарту» (Жаратуучум, Сенин ыраазычылыгың үчүн орозо кармадым, Сага ишендим, Сага гана таяндым жана сенин ырыскың менен оозумду ачып жатам. О, Чексиз кечиримдүү Аллах Таалам, менин өткөн жана кийинки күнөөлөрүмдү кечире көр).

Тегдер: Орозо


Башка жаӊылыктар
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Намаз убактылары
14 октябрь 2019г.
Багымдат
5:40
Күндүн чыгуу
7:14
Бешим
12:48
Аср
16:37
Шам
18:25
Куптан
19:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов