Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мамбетбаева Гүлнарага арналган кайрымдуулук жарманкеси өттү

Автору: Умма журналы / Жарыяланды: 12 ноябрь 2016

Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинде 10-ноябрда инициативдүү жаштар жана "Умма" ислам журналынын жамаатынын демилгеси менен учурда жардамга муктаж болуп жаткан Мамбетбаева Гүлнарага арналган кайрымдуулук жарманкеси өттү.

45 жаштагы Мамбетбаева Гүлнара 1992-жылы геппатиттин Б жана Д түрүн жуктуруп алган. Оору убагында дарыланбагандыктан боордун циррозуна өтүшүп кеткен. Эми Гүлнара Мамбетбаева толугу менен айыгып кетиши үчүн Индиядан операция жасатуусу зарыл. Жарманкеге катышкан Гүлнара айымдын уулу Алымбек буларды айтты:

Апам бул ооруну стерилденбеген ийне аркылуу жуктуруп алган. Оорунун олуттуулугун билген эмеспиз. Акыркы жылдары абдан кыйналып, текшерилгенден кийин боордун циррозуна өтүшүп кеткендигин билдик. Каражат чогулса эле Индияга кетебиз. Донор өзүмдүн эжем болот,
-деди.

Жарманкенин уюштуруучулары үйлөрүнөн ар кандай тамак-аш жана таттууларды жасап келишкен. Жарманкенин алкагында таяк тартыш, аркан тартыш сыяктуу оюндар да ойнотулду.

Биз бири-бирибизге бир тууганбыз. Досубуз кыйналып жатканда кайдыгер карап тура албадык. Бардыгыбыз биригип, досубузга жашоо үчүн күрөшүү керектигин, ал жалгыз эмес экендигин билдиргибиз келет,
- деди уюштуруучулардын бири.

Элибизде "Көп түкүрсө көл болот деген" кеп бар. Учурда жардамга муктаж болуп жаткан Мамбетбаева Гүлнарага кайдыгер карабаган мекендештер колунан келген жардамын берип, бир үй-бүлөгө бакыт тартуулай алат.

Урматуу окурмандар, эгер Мамбетбаева Гүлнарага жардам берүүнү кааласаңыздар 0709 933 828 номуру аркылуу байланышсаңыздар болот.

Эсептин номери: 1212020104648036

1 / 13



Башка жаӊылыктар
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов