Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте иран кинолору көрсөтүлүүдө

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 14 ноябрь 2016

11-ноябрдан 15-ноябрга чейин Бишкек шаарынын тургундары иран кинолоруна күбө боло алышат.

Иран киносунун жумалыгынын ачылышы 11-ноябрда “Манас” кинотеатрында өтүп, ага Иран Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехан, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамарашип Чотонов катышты.

Султан Раев иран киносунун терең-адеп-ахлактык жана тарбия берүүчүлүк күчүн белгилеп өттү.

Маданият англис тилинде “culture”, кыргыз тилинде “маданият”, ал эми перс тилинде “фарханг” болот. “Фарханг” жүрөк деген маанини түшүндүрөт. Ирандыктар искусствону жүрөккө, адамдын жан дүйнөсүнө тете карашат. Жана бул искусствого болгон сүйүү алардын тасмаларында таасын чагылдырылып турат,
-деди С.Раев.

Иран киносунун жумалыгын “Ден соолукта болгула” аттуу тасма ачып берди.

Эртең 15-ноябрда Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө” «Нарисованная Заводь» аттуу тасма көрсөтүлөт. Бул тасмада жашоодогу түрдүү кыйынчылыктарды сүйүү менен женген үй-бүлө тууралуу баяндалат.

Иран кино жумалыгын Ирандын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгү менен Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети өткөрүүдө. Иш-чаранын максаты - кыргызстандыктарды бай иран маданияты менен тааныштыруу. Ирандын Маданий өкүлү Али Хакимпур Иранда да кыргыз киносунун жумалыгы өтөрүнө үмүттөнөрүн айтты.

Бишкектеги Иран киносунун жумалыгы алгачкы жолу мындан 5 жыл мурун 2011-жылы өткөн.

1 / 8



Башка жаӊылыктар
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 январь 2020г.
Багымдат
06:44
Күндүн чыгуу
08:23
Бешим
13:14
Аср
16:23
Шам
18:10
Куптан
19:25