Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жазгүл Келгенбаева: “Кыргызстанда нанотехнологияны өнүктүрүү керек”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 21 ноябрь 2016

Өлкөнү өнүктүрүп, дүйнөнүн жакшы жакка өзгөрүүсүнө салым кошуу билимдүү жаштардын гана колунан келет. Улуттун авангарды болуу үчүн талыкпаган эмгек жана таразадай тактык керек. Мына ошондой жаштардын катарына мекендешибиз Жазгүл Келгенбаеваны сыймыктануу менен кошобуз.

Япониянын Кумамото университетинде Жаңы Кесилишкен Илимдер тармагы боюнча илимдин доктору, Япониянын Билим берүү, илим жана спорт министрлигинин стипендианты, бир катар илимий макалалардын автору, дүйнөлүк илимий конференциялардын катышуучусу Жазгүл Келгенбаева менен маек курдук.

-Чет өлкөдө окуу көптөгөн жаштардын кыялы эмеспи. Сиз Япониянын алдыңкы окуу жайында окуп, бул кыялды ишке ашырдыңыз, деги эле бул тууралуу айтып берсеңиз?

-Япониянын Кумамото университетинде окуп калышымды кудайдын мага берген белеги деп билем. Алгач, Японияга илимий жетекчимдин жана тааныш байкенин жардамы менен бир долбоорго катышып кеткем. Ал жактан алган айлыгым окуумдун контрагына жана жашоо-шартыма кенен жетип турду. Бир жарым жыл аяктаган соң кайрадан стипендиясы каралган окуу жайга тапшыруу керек эле. Өзүм караштырган стипендиялык программаларга тапшырып, 1-2 жолкусунда өтпөй калдым. Бирок үмүтүм үзүлгөн жок. Дос кызым моралдык жактан колдоо көрсөтүп, аракетимди уланта берүүгө үндөдү. Бир нече күндөн кийин дагы бир стипендиялык программа жарыяланып, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Тааныштарым “Абдан кыйын экен, өтүү мүмкүн эмес го” деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатышты. Бирок дал ушул программадан өтүү мага буйруган экен, тандалып отуруп, көптөгөн талапкерлердин ичинен кытайлык кыз экөөбүз тизмеге илиндик. Мына ошондон кийин акча маселесин ойлонбой окудум. Окуу менен бирге эле Кумамото Университетинин Global COE проектисинде жаш илимий кызматкер, изилдөөчү, постдокторлук кызматтарда иш алып бардым.

Учурда Жазгүл Келгенбаева КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын Химия жана химиялык технология институтунда илимий кызматкер катары иш алып барууда.

-Чет мамлекеттерге саякаттап келүү менен ал жакта окуп, иштеп келүүнүн айырмасы болсо керек. Сиз Күн чыгыш өлкөсүндө үч жарым жылдай жүрдүңүз. Япониядагы бул жылдар сизге эмне берди?

- Узак убакытка алыста жүрүү Кыргызстандын баркын сездирди, суусу, абасы, ар бир ташына чейин баалап калдым. Анан дагы өз баалуулуктарымды тереңден түшүнүүгө жол ачты. Маселен, өзүм мусулман үй - бүлөсүндө төрөлүп-чоңойсом да өз динимден толук кабарым жоктугуна, Жаратканымды тааныбагандыгыма ушунчалык таң калдым. Намаз окуу, орозо тутуу жана жоолук салынуу амалдарын мага Аллахым калкынын 1%га жетпеген бөлүгүн мусулмандар түзгөн Японияда насип кылыптыр. Аллахка чексиз шүгүрлөрдү жана ыраазычылыктарды айтам. Мындан сырткары, Япония мага терең билим, мол тажрыйбаны берди. Түрдүү улуттардын өкүлдөрү менен достошуп, бирге жашап, дүйнөгө болгон көз карашымды кеңейтүүгө зор мүмкүнчүлүк түзүлдү. Негизи япондордун жашоо-турмушу менен кулк-мүнөзү ислам баалуулуктарына төп келерин баамдадым. Мисалы, чынчылдык, тазалык, бирөөнүн ишине кийлигишпегендик, жоопкерчиликтүүлүк, адамдардын убактысын сыйлоо жана башкалары.

Кумамото - куз

-Япония илим-билим боюнча дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнө кирет эмеспи. Бул жактагы окуу процесси тууралуу айтып берсеңиз?

-Окуу процессинде теория менен практика мыкты айкалышкан. Маселен, Кыргызстанда нанотехнология тармагында бизге керектүү заманбап аппараттар жок, теория менен гана чектелчү. Ал эми бул жакта бизге керектүү бардык жабдыктар бар. Студенттер өз алдынчалыкка көнүшкөн, мугалимдер керектүү багытты гана көрсөтүп берет. Илим-билимдин өнүгүп жатышынын негизги себептеринин бири деп адамдардын жоопкерчилиги менен тынымсыз эмгегин дагы айта алам.

Лаборатория

-Сиз Жаңы Кесилишкен илимдер тармагы, анын ичинен нанотехнология багытында илимий жактан билимиңизди өркүндөттүңүз. Бул багытта Кыргызстанга кандай салым кошууга болот?

- Нанотехнология башка илимдерге салыштырмалуу жаңы тармак. Кыргызстанда жана жалпы эле КМШ өлкөлөрүндө нанотехнологияга көңүл бурулганына аз гана убакыт болду. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө акыркы 10 жылдан бери кызыгуу жаратып, колдоого алынуу менен, атайын нанотехнология боюнча изилдөө институттары, лабораториялар иштеп баштаган. Кыргызстанда "нано” менен иштеген изилдөөчүлөрдүн саны аз жана "нано" материалдарды изилдеп, окууга заманбап аппараттар жок. А биздин өлкө минералдарга, кендерге абдан бай. Наноматериалдарды синтездеп алууга сырьелор абдан көп. Өзүбүздөн наноматериалдарды синтездеп, изилдеп чет өлкөлүк изилдөөчүлөр менен иштешип, биздеги "нано"го болгон түшүнүктү кенейтүү зарыл. Бизде “нано” эле эмес, деги эле илимге болгон кызыгуу аз, өзгөчө жаштарда. А илим, технология өнүкпөсө өлкө өзүнүн табигый булактарын туура пайдалана албай, гигант өлкөлөргө алдырып жүрө берет. Ошондуктан жалпы эле илимди, анын ичинде нанотехнология жана анын маанисин биздин келечек муун түшүнсө дейм.

Илимий жетекчим - доктор Машимо менен

-Сөзүңүздү улай, илим багытындагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...

- Келечекте окутуучу болууну самайм. Пландарым абдан көп, учурда нанотехнология боюнча кыргыз тилинде окуу курал даярдап жатам. Азыр материалдарды топтоп, компьютерге киргизүү менен алектенип жүрөм.

- Илимий тармакта жүрүп күнүмдүк тиричиликке убакытты кантип үнөмдөйсүз?

-Убактымды туура пайдалануу үчүн эртеңкимди бир күн мурун пландап, дептериме жазып алам. Кечиккенди абдан жаман көрөм. Адамдардын убактысын баалайм жана башкаларга да ушул түшүнүк жетсе дейм. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун): “Адам баркына жетпеген эки нерсе бар, ал-убакыт жана ден соолук”, - деген осуятында терең маңыз жатат. Ар күнү кечинде өзүмө отчет берем, жана ал “Намаздарым өз убактысында окулдубу?” деген суроодон башталат.

-Мотивацияны кайдан, кантип аласыз?

- Мотивацияны алгач эле Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салават-саламдары болсун) осуяттарынан жана сахабалардын жашоо-турмушунан алам. Кээ бир ийгиликтүү адамдардын жазган, айткандарынан деле таасирленип жаңы идеялар келе берет. Ата-энем, өзгөчө атам көп стимул берет, жакшы сөздөрүн айтып, шыктандырып турат.

- Иштен чарчаганда кандай эс аласыз? Эмнеден ырахат аласыз?

- Мындай учурда үй жумуштары менен алектенип, даамдуу тамак жасагым келет. Кичинекей балдар менен отуруп, аларды ойноткондон да ырахат алам. Бош убактымда китеп окуп, ар кандай сувенирлерди жасап, курак кураганды жакшы көрөм. Башка адамдарды сүйүнтүп, күтүүсүз сюрприз жасаган өзгөчө ырахат тартуулайт.

- Сиз катуу өкүнгөн нерсе?

-Менимче, текке кеткен убакыт жана көңүл оорутуу.

1 / 19



Башка жаӊылыктар
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов