Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Талас: үйлөнгөн жаш жубайлар той ордуна 30 балага кышкы күрмө алып беришти

Жарыяланды: 4 декабрь 2016

Жаш жубайлардын "Чача бербей бекерге кызмат кылгын мекенге" иш-чарасы башкаларга үлгү болуу максатында жасалган.

Бүгүн Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын жаңы үйлөнгөн тургуну Расул Манаппай уулу менен Мээрим Абасова тойго кеткен ашыкча чыгымдын ордуна, муктаж болгон кичинекей 30 бөбөккө жылуу куртка алып берди. Бул туурасында жаш-жубайлардын "Чача бербей бекерге кызмат кылгын мекенге" иш-чарасынын катышуучусу Бекжан Шыгаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Расул менен Мээрим ашыкча чыгым сарптабай, муну менен башка жаштарга үлгү көрсөтүү жана кайрымдуулук кылуу максатында жасап жатышат. Азыр жаштар жаңы эле нике кыйдырып, Талас облусунун администрациясынын алдына келип муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн 30 баласына ыроолонгон кийимдерди кийгизип чыгышты"
, — деп билдирди Шыгаев.

Жаштардын мындай жакшы иш-чарасына өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Даир Кенекеев да катышкан.

Кенекеевдин айтымында, өкүлчүлүктүн атынан жаш жубайларга мындай кадамы үчүн ыраазычылык айтылды.

"Бул үлгү боло турган кадам баарынын эле колунан келе бербейт. Ушу тапта майыптарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча бир айлык жарыяланган. Жубайлардын кайрымдуулугу дал ушул иш-чарага туш келди"
, — деди ал.

Шыгаевдин айтымында, белек тапшырыла турган кичинекейлер Бакай-Ата району жана ага жакын жайгашкан, андан сырткары Талас шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.

Расул жогорку окуу жайын Бишкектен быйыл бүтүп кичи мекенине келген, кесиби эколог, ал эми анын келинчеги Мээрим — программист.

Sputnik



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Намаз убактылары
6 декабрь 2019г.
Багымдат
06:36
Күндүн чыгуу
08:17
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов