Ош шаарында “Умма” журналынын жаш ыктыярчылары кыштын суук күндөрүндө “Ысык чай” акциясын башташты. Алар таңкы саат 5 те шаар тазалыгына кам көргөн кызматкерлерди ысык чай жана таттуу нан менен сыйлашып, аларга жардам беришти.
Ыктыярчылар: “Акция учурунда өзүбүздү абдан күнөөлүү сездик. Себеби мындай жумушта көбүнчө улгайган адамдар иштешет экен. Алар шаар ойгоно электе, кыштын кычыраган суугунда таң эрте жумушка чыгышат. Биз бул адамдардын эмгегин сыйлап, таштанды таштап, жолго түкүргөндөн уялышыбыз керек”, -дешти.
Белгилей кетсек, мындай акциялар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Бишкекте да өткөрүлүп келет. Ал эми Ош шаарында бул акция алгач ирет старт алды. Жаш ыктыярчылар кыштын суук күндөрүндө “Ысык чай” акциясын мындан ары да улантышарын айтышты.
9 декабрь 2019
28 ноябрь 2019
13 ноябрь 2019
11 ноябрь 2019
7 ноябрь 2019
5 ноябрь 2019
1 ноябрь 2019
24 октябрь 2019
14 октябрь 2019
10 октябрь 2019
25 сентябрь 2019
19 сентябрь 2019
30 август 2019
26 август 2019
23 август 2019
21 август 2019
19 август 2019
23 июль 2019