Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн "Умма" журналынын эсебине 35 292 сом чогулду

Автору: Айдай Амангельди кызы / Жарыяланды: 18 январь 2017

16-январда "Манас" абамайданына жакын Чүйдүн Дача-Суу айылында болгон авиакырсыкта жабыркагандар үчүн "Умма" журналы да шаар тургундарынын жардамын кабылдоо түйүнүн ачкан. 1 күндүн ичинде кийим-кече, жууркан-төшөк, азык-түлүк жана акчалай жардамдар келип түштү. 2 күндүн ичинде 35 292 сом чогулду.

%article_title%

Акчалай жардамдан тышкаркысы кечээ, 17-январда, ӨКМдүн башкармалыгында ачылган көмөктөшүү түйүнүнө жеткирилди.

Чогулган акчалар кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө курулуш материалдарын жана башка керектүү жабдыктарды алууга жумшалмакчы.

1 күн бою "Умма" журналынын жамааты ӨКМдин кызматкерлери менен байланышта болуп, эмне жетишпей жаткандыгын жана дагы кошумча кандай жардам керектигин билип турушту.

Дача-Суу айылынан келген ӨКМдин кызматкерлерине шаар тургундары атайын пирожки, тамак-аштарды да жасашкан.

Ош шаарынын тургундары да четте калбай, биздин журнал аркылуу керектүү жардамдарды чогултушту.

Аллах Таала пенделерине бири-бирине жардам берип, кайрымдуу болууга буйруйт. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) "Садака өмүрдү узартат, балээни кайтарат" деген куттуу хадиси бар. Андыктан, кыйын учурда жардамга кол сунган мекендештерибизден Аллах ыраазы болсун!

"Умма" журналынын окурмандарына, активисттерине жана кайдыгер карабаган бардык тургундарга чын жүрөгүбүздөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

1 / 14

Тегдер: Орозо


Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Намаз убактылары
7 декабрь 2019г.
Багымдат
06:37
Күндүн чыгуу
08:18
Бешим
12:53
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов