Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстандыктар мусулман бирикмелерине 636 000 сомду жардамга аманат кылып тапшырышты

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 25 январь 2017

Дача-Суу айылындагы авиакырсыкта жабыркагандарга өлкөбүздөгү аты таанылган мусулман бирикмелери кыргызстандыктардын жардамын чогултууда көмөк көрсөтүштү.

Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жабыркагандарга 20 000 сом бөлгөн. Ошондой эле аталган фонддун жана облустардагы имамдардын демилгелери менен имамдар стипендияларынан чогултуп, 240 000 (эки жүз кырк миң) сом өлчөмүндөгү сумманы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине которушкан.

“Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун эсебине мекендештерибиз 70 000 сомду аманат кылып тапшырышты.

Ал эми “Мутаккалим” аялдардын коомдук бирикмесине Бириккен Араб Эмиратындагы жердештерден 5800 (беш миң сегиз жүз) доллар өлчөмүндөгү жүк берилип жиберген.

Кыргызстан Ислам Университетинде өткөн кайрымдуулук акциясында болсо 52 миң 594 сом чогулду.

“Умма” ислам журналы да жабыркагандарга жардам берүү түйүнүн ачкан. Чет өлкөлүк мекендештерден 2826 АКШ доллары, ал эми кыргызстандыктардан 56 992 сом түшкөн. Буга кошумча азык-түлүк жана кийим-кече жүктөлгөн 4 жеңил машина жабыркагандарга жеткирилди.

Ошондой эле “Аян” телеканалы жана «Muslimbiz» мусулмандардын бизнес форуму тиркемеси маалыматты бөлүшүүдө чоң көмөк көрсөтүштү.

Кыргызстандын бардык аймактарындагы мечиттерде авиакырсыкта курман болгондорго куран окутулуп, жабыркагандарга колдоо көрсөткүсү келгендердин жардамдары чогултулду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын пресс-кызматынан билдиришкендей, учурда мечиттерде чогултулган акчанын так эсеби чыга элек. 2-3 күн ичинде бардык каражаттар чогултулуп, эсепке алынат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында атайын комиссия түзүлүп, жардамдар адилеттүү түрдө өз ээлерине жеткирилерине көз салынмакчы.

Ошентип, мечиттерде чогултулган акча каражаттарын эске албаганда кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк мекендештер мусулман бирикмелерине 636 (алты жүз отуз алты миң) сом өлчөмүндө акчаларын аманат кылып тапшырышты.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун): "Мусулман мусулманга бир тууган , ал бир тууганына зулумдук кылбайт, жардам бербестен калтырып кетпейт жана кыйын кырдаалда калышына жол бербейт" деген. Андыктан кыйын кырдаалда кол сунган бардык мекендештерибизден Аллах ыраазы болсун!

%article_title%

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
"UMMA" журналынын элдик акциясында 1,1 млн. сомго доктурларга 1225 комбинезон таратылды
17 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 май 2020г.
Багымдат
3:18
Күндүн чыгуу
5:27
Бешим
12:59
Аср
18:14
Шам
20:35
Куптан
22:14