Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте "Хадис" академиясы ачылды

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын жеке архиви / Жарыяланды: 27 январь 2017

Кечээ, 26-январда, Бишкекте «Хадис» академиясынын ачылыш салтанаты болуп, дин аалымдарынын катышуусунда академиянын расмий лентасы кесилди.

%article_title%

Иш-чара алкагында Аалымдар кеңешинин мүчөсү, "Хадис" академиясынын жетекчиси Чубак ажы Жалилов академия окуу процесси менен гана чектелбестен, коомчулуктун диний сабатсыздыгын жоюуда шарият маселелери боюнча сабактар уюштуруларын айтты.

%article_title%

" Медресени окуп бүтүргөндөр билимин ушул окуу жайдан улантса болот. Буюрса, "Хадис" академиясы чоң-чоң аалымдарды чыгара турган дүйнөлүк стандарттагы окуу жай болсун деген максатта курулду", - деди.

Академия тууралуу: " Окуу жай 3 жылдык болот, магистрдик даража беребиз. Андан кийин докторлук даража бергенге да аракет кылабыз. Азырынча 1 жылда 15тин тегерегинде бала алганга аракеттенебиз.

Бул окуу жайдан Имам ат-Тирмизи, Имам аль-Бухаридей улуу адамдар чыгарына үмүттөнөбүз.

Ал эми окуу программасы боюнча айтсам, дүйнө жүзүндөгү хадис окуткан бардык окуу жайлардын программасын карап, салыштырып, өзүбүзгө ыңгайлаштырып, кайра түзүп чыктык",-деди.

%article_title%

«Асанабил» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулган Академиянын ачылыш салтанатына Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Марс Ибарев, Тажидин ажы Байтейитов, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын директору Саид Баюми, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эмгек жамааты, демөөрчүлөр, бийлик өкүлдөрү жана коноктор катышышты.

Ачылыш салтанатта Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы катышуучуларды хадис академиясынын ачылышы менен куттуктап, Ислам дининин баалуулуктарын жана хадис илимин жайылтууда окуу жайдын орду чоң экендигин баса белгиледи.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Бишкекте “Пайгамбарыбыздын (САВ) үй-бүлөдөгү үлгүсү жана калтырган насааттары” аттуу тегерек стол өттү
12 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Бишкекте “Үй-бүлөнү иреттештирүү” аталышындагы тегерек стол өттү
14 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47