Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

4 млнго жакын сом мусулмандардын атынан учак кырсыгынан курман болгондордун жакындарына тапшырылды

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: akipress / Жарыяланды: 30 январь 2017

Бүгүн, 30-январда, өлкө аймагындагы мечиттерден чогултулган 3, 885 468 сом акча каражаты Дача - СУ айылындагы кырсыктан көз жумган мекендештерибиздин жакындарына жардам катары тапшырылды. Аталган акча каражатын Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы таратты.

%article_title%

Апааттуу кырсыктан көз жумгандардын жакындары менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жолугушуп, аларды сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырып, мындай кырсык Алла Тааланын сыноосу экендигин, мындан ары эли-журтубузда, мамлекетибизде кырсыктардын болбошун тилешип, дуба кылышты.

Азирети муфтий кырсыктан курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен карапайым калк тарабынан чогултулган материалдык жардамды кайтыш болгондордун жакындарына өз колу менен тапшырып, кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

%article_title%

Топтолгон каражат КМДБ тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен Курман болгондордун ар бирине 100 миң сомдон акча каражаты каралса, ооруканадагыларга 20 миң сомдон чечилген. Жалпысынан кырсыктан көз жумгандардын жакындарына 3, 550 000 сом берилсе, ден-соолугунан жабыркагандарга 120 000 сом тапшырылып, жалпысынан 3, 670 000 сомдук жардам берилди. Ал эми калган 215 468 сом кырсыктан жабыркагандарга таратылып берилмекчи.

Эскерте кетсек, 20-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен өлкө аймагындагы мечиттерде учак кырсыганан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында атайын кутучалар коюлган. Ал эми КМДБнын түзүмүндөгү 166 дин кызматкери 1 күндүк эмгек акылары болгон 105 миң 700 сомду ӨКМ тарабынан ачылган эсепке которуп беришкен.

1 / 3



Башка жаӊылыктар
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар