Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү 300 айымды бир аянтчага чогултту

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 2 февраль 2017

1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата "Умма" ислам журналынын демилгеси менен Бишкек шаарында 2-ирет бейформал тегерек стол өттү. Иш-чарага коомдун активдүү мүчөлөрү болгон айымдар- депутат, укук коргоочу, окутуучу, дизайнер, ишкер, журналисттер жана студенттер, жоолук салынгандар жана салынбагандар катышып, коноктордун саны 300гө жетти.

%article_title%

Тегерек столдун уюштуруучусу, "Умма" журналынын редактору Элиана-Марьям Сатарованын айтымында, иш-чаранын башкы максаты - коомдогу жоолукка байланыштуу айрым пикир келишпестиктерди жоюу, диалогго чакырган аянтча түзүү, жоолукту бир гана диний аспекттен эмес, ар тараптан карап, талдап көрүү.

" Бүгүнкү күндө аялдар коомдо активдүү роль ойнойт. Биз эч кимди четте калтырган жокбуз. Түрдүү курактагы, кесиптеги, түрдүү көз караштагы эже-сиңдилерди чакырдык. Ар биринин оюн угуу биз үчүн абдан кызыктуу болду. Бүгүн жоолук салынбаган эже-сиңдилерибиз да мусулмандарга тилектештигин билдирип, иш - чарага жоолук салынып келишкени бизди өзгөчө кубандырды. Коом бара-бара сырткы атрибуттар менен адамды сындоо жана дискриминациялоо туура эмес экенине ынанарына терең ишеничтебиз. Жоолук бизди бөлбөй, тескерисинче бириктириши керек", - деди.

%article_title%

Иш-чаранын жүрүшүндө чакырылган коноктор сөз сүйлөшүп, стереотиптүү ой жүгүртүүгө багытталган тест жүргүзүлүп, ошондой эле кызыктуу мастер-класс, викториналар ойнотулуп, келген ар бир конокко белектер ыйгарылды.

%article_title%

Келген коноктор бир ооздон жоолук аялзатынын жашоосунда чоң роль ойнорун айтышты.

"Жоолук элибизде кечээ эле пайда боло калган жок, ал эзелтеден бери кыргыз аялзатынын жашоосунда маанилүү ролду ойногон. Бир эле кыргыздарда эмес, бардык элдерде анын өзүнчө орду бар. Мода дүйнөсүндө деле жоолук маанилүү аксессуардын ролун ойнойт", - деди теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева.

%article_title%

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн "Умма" журналынын Ош шаарындагы демилгелүү жаштары да белгилешти. 1-февралда алар шаар тургундарын таттуулар менен сыйлашып, каалоо-тилектерди айтышты. "Биз көчөдө бара жаткан бейтааныш эже-сиңдилерге белектерибизди бергенде кээ бирлери ыраазычылык билдиришсе, айрымдары бизди түшүнбөй таңыркап карашты. Биз аларга бул күндүн маанисин түшүндүрдүк",- дешти.

%article_title%

Ал эми 4-февралда Ошто да активдүү кыз-келиндердин башын кошкон чакан конференция өтмөкчү.

Эске салсак, 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн белгилөө 2014-жылы Нью -Йорк шаарынын тургуну Назма Хан тарабынан демилгеленген. Окуучулук кезде Назма Хандын классташтары эмне үчүн анын баарынан өзгөчөлөнүп, жоолук салынып жүргөнүн түшүнүшкөн эмес, айрым учурда шылдыңдаганга чейин барышкан. Ошондо ал жоолук анын жашоосунда кандай мааниге ээ экенин, дегеле эмне үчүн мусулман кыздар жоолук салынарын түшүндүрүп бергиси келет.Ошентип Назма Хан мусулман эмес курбу-курдаштарына 1 күн жоолук салынып көрүүнү сунуштаган. Анын бул ою социалдык тармактар аркылуу жайылып отуруп, алгачкы эле жылы 67 өлкөнүн кыз-келиндери колдоп чыгышкан. Ал эми 2015-жылы бул акцияны 116 өлкөдөн 10 миллионго жакын катышуучу колдоорун билдирген.

1 / 13



Башка жаӊылыктар
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар