Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Быйыл Кыргызстанга ажылык сапарына 4585 квота бөлүндү (Каттоо башталды)

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 7 февраль 2017

13-январда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Аравиясынын умра жана ажылык министринин орун басары Хусейн Шариф менен келишим түздү.

Келишимдин жыйынтыгында 2017- жылга Сауд Аравиясы ажылык сапарына кыргызстандыктарга 4585 квота бөлдү. Өткөн жылы 3600 орун берилген.

%article_title%

Ажылык сапарына каттоо 6-февралдан 7-мартка чейин уланат.

Каттоо тартиби:

Алгач электрондук төлөмдөрдү ишке ашыруу керек. Ал үчүн:

1. РСК банкынын "Ажылык-2017" эсебине Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) 400 АКШ долларын төлөө жана квитанциянын түп нускасын сактоо;

2. Ажыга катталуу үчүн РСК банкынын "Ажылык-2017" эсебине 500сом төлөм жүргүзүү. Бул төлөм каттоо үчүн алынып, кайра кайтарылбайт. Квитанциянын түп нускасын сактоо.

Андан соң төмөндөгү документтерди топтоо зарыл:

1. Ажылыкка мурда барбагандыгы тууралуу аныктама (справка); (Аныктаманы жашаган аймагындагы мечит имамынан алса болот)

2. ID-карт, жашаган жеринен аныктама (2016-жылдын 1-сентябрынан кем болбоосу шарт);

3. Тышкы паспорту (ID-карт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл);

4. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт (Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми махрамы менен барса, алардын тууган экендигин аныктаган документ талап кылынат);

5. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт);

(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат);

6. №086у формасындагы медициналык маалымат;

7. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу.(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу);

Жогорудагы документтердин баарын топтогон соң ажылыкка каттоочу пунктуна алып келүү зарыл. Кыргызстан аймагында 32 пункт тейлөө кызматын көрсөтөт.

Бул жерден төмөндөгү иш-аракеттер аткарылат:

1. Келишимге кол коюу.

2. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу.

3. Ажыга баруучунун кийим өлчөмү жана жеке номер телефону алынат.(Ажылык сапардын эрежелерине ылайык ажыга баруучуларга атайын кийим берилет).

4. Ажыга баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт.

Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө, же толуктоолор киргизилсе, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан билдирилет.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн; 0(312) 48-61-67, 0778, 0558, 0708- 48-61-67.



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 декабрь 2019г.
Багымдат
06:36
Күндүн чыгуу
08:17
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48