Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Алайкууда спирт ичимдиктери таштандыга ыргытылып, сатууга тыюу салынды

Автору: Эламан Карымшаков / Сүрѳттѳр: из интернета / Жарыяланды: 22 февраль 2017

Айылдагы дүкөндөрдөн спирт ичимдиктерин сатып алууга жергиликтүү кеңештин депуттары, айыл өкмөт кызматкерлери жана ыктыярдуу мугалимдер өз эсебинен 20 миң сом чогулткан.

%article_title%

Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн Көк-Арт айылында элдин өз ара чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айылдык кеңештин депутаты Алымкул Айтмаарек уулу билдирди.

Анын айтымында, айылдагы дүкөндөрдөн 20 миң сомду түзгөн спирт ичимдиктери сатып алынып, таштанды таштоочу жайга төгүлгөн.

"Бул жөрөлгөнү жагымсыз окуяларга жол бербөө максатында демилгелеп чыктык. Маселени элдик жыйынга салсак, баары колдоп беришти. Дүкөн ээлери да түшүнүү менен кабыл алып, коомчулуктун чечимин сыйларын айтышты. Соңунда депуттардан, мечит жамаатынан, калк арасынан комиссия түзүлүп, дүкөндөрдү көзөмөлгө ала турган болду. Баш ийбегендерге 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Ичимдиктерди сатып алууга каражатты жергиликтүү кеңештин депуттары, айыл өкмөт кызматкерлери жана ыктыярдуу мугалимдер өз эсебинен чогулткан. Айылда жалпы жонунан 500дөй түтүн жашайт," — деди депутат.

%article_title%

Ошондой эле ал элдик жыйын "Биз спирт иичимдиктерине каршыбыз" аттуу акция менен коштолгонун кошумчалады.

%article_title%
Айылдагы дүкөндөрдөн 20 миң сомду түзгөн спирт ичимдиктери сатып алынып, таштанды таштоочу жайга төгүлгөн.

Аталган айылда 10 жылдан бери дүкөн иштеткен жана жергиликтүү кеңештин депутаты Бактыбек Эргешбаев элдин чечимине каршы эместигин атат.

"Мындан эки-үч жыл мурда да ушундай демилге көтөрүлүп ар кандай себептер менен ишке ашпай калган. Айылда эки чоң, үч чакан дүкөн иштейт. Андагы спирт ичимдиктердин баарын сатып алып таштандыга ыргытышты. Айыл эли кылмыш-кырсыктардан оолак болушу үчүн бул демилгени баарыбыз колдошубуз керек. Бир чети бизге да жакшы болду. Анткени ичимдик сурагандар түн бир оокумда дагы тынчыбызды алып, эшикти каккылап келе беришчү", — деди Эргешбаев.

%article_title%
Көлдүн Өрнөк айылында спирт ичимдиктери төгүлүп, сатууга тыюу салынды

Эскерте кетсек, буга чейин да Алай, Ноокат, Ноокен, Ыссык-Көл жана Лейлек райондорунун бир нече айылдарында коомчулуктун жалпы чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.

Маалымат булагы Sputnik Кыргызстан



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Ошто жаштар чыгымы аз, пайдасы көп уникалдуу үйлөнүү тоюн уюштурушту
13 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Бишкек менен Ошто "Дин таануу" семинарлары өтүүдө. Кирүү акысыз
10 октябрь 2019
Профессор Кадыр ажы Маликовдун жаштарга арналган китеби кыргыз тилинде жарык көрдү
25 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Кувейттик кайрымдуулук фонду 100 муктаж үй-бүлөгө үй куруп берди
18 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 декабрь 2019г.
Багымдат
06:36
Күндүн чыгуу
08:17
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48