Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ыйманга чакырган китеп окуу конкурсуна 10 000ден ашуун адам катышууда

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы / Жарыяланды: 3 апрель 2017

2017- жыл, “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулуп жаткан китеп окуу конкурсу, кечээ, 2-апрелде старт алды. “Адеп, ыйман – жаркын келечек!” аттуу китеп окуу конкурсуна республика боюнча түрдүү курактагы 10 000ден ашуун жарандар катышууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

%article_title%

Уюштуруучулардын айтымында, конкурска расмий түрдө 10 миң адам катталса, конкурстун жүрүшүндө катышууга максат кылып келгендердин саны андан дагы жогору болууда.

Конкурстун уюштуруучулары китеп окуу конкурсу өзүнө төмөндөгүдөй максаттарды камтырын айтышты:

1) Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жана анын жоро-жолдошторунун асыл адептерин калкка кеңири таанытуу, алардын өрнөктүү өмүр жолун тушүндүрүү аркылуу жалпы журтубузду тынчтыкка, бейпилчиликке жана адептүүлүккө үндөө.

2) Ислам динибиздеги матуридия акыйдасы жана ханафий мазхабынын негизиндеги дин илимдерин үйрөнүүгө, ыймандуулукка жана маданияттуулукка чакыруу.

3) Жаштарыбыздын арасында китеп окуу маданиятын демилегелеп, өткөөл учурдагы ыйман жолуна жат болгон ар кандай түшүнүктөрдөн жана жаман адаттардан сактанууга чакыруу.

Ал эми конкурс төмөндөгү китептердин негизинде жүргүзүлүүдө:

1) “Ислам Негиздери”

2) “Пайгамбарыбыз Тынтыктын жарчысы”

3) “Лучшая из женщина Достопочтенная Хадиджа”

Эскерте кетсек, “Адеп, ыйман – жаркын келечек!” аттуу китеп окуу конкурсун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы, Кыргызстан Ислам Университети жана “Адеп Башаты” фонду уюштурууда.

Аталган китеп окуу конкурсунан жеңип чыккандарга төмөндөгүдөй сыйлыктар коюлган:

1) ИСЛАМ НЕГИЗДЕРИ

1- орун: Умра сапарына жолдомо

2- орун: 50 000 сом

3- орун: 40 000 сом

4- орун: 30 000 сом

5- орун: 20 000 сом

6-10- орундарга кызыктыруучу белектер.

2) ТЫНЧТЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ

1- орун: Умра сапарына жолдомо

2- орун: 30 000 сом

3- орун: 20 000 сом

4- орун: 10 000 сом

5- орун: 5 000 сом

6-10- орундарга кызыктыруучу белектер.

3) Лучшая из женщина Достопочтенная Хадиджа:

1- орун: 30 000 сом

2- орун: 20 000 сом

3- орун: 10 000 сом

4- орун: 5 000 сом

5-10- орундарга кызыктыруучу белектер.

Конкурстун акыркы жыйынтыгы 2017-жылдын апрель айында чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.



Башка жаӊылыктар
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Макалалар