Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түркия армиясында аялдарга жоолук салынууга уруксат берилди

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 3 апрель 2017

Түркия армиясынан эми жоолукчан кыздарды көрүүгө мүмкүн. Себеби, бул өлкөнүн бийлиги армияда кызмат кылган бардык аял кызматкерлерге, анын ичинде курсанттарга да жоолук салынууга уруксат берди. Бул тууралуу Түркиянын бир катар маалымат сайттары жазып чыкты.

%article_title%

Жоолуктун өңү жалпы формага шайкеш келип, анда ар кандай сүрөттөрдүн болбоосу зарыл. Мындан 6-7 жыл мурда мындай чечимди кыялдануу гана мүмкүн эле.

Коргоо министрлиги жоолук салынууга уруксат берген Түркиядагы акыркы мамлекеттик институт болуп калды.

Жогорудагы мамлекеттик мекемелерде жоолук салынууга укук алуу, дегеле коомдо өз ордун табуу үчүн Түркия эли көптөгөн жылдар бою күрөштү. Себеби мурда аскер кызматында аялдардын жоолук салынышы бул жакта турсун, жубайы жоолук салынган аскерди жумушунан кетирүүгө чейин кадамдар жасалган. Ал эми университетке жоолук салынып келген студентти сабакка киргизишкен эмес. Арзу айым студенттик жылдары тууралуу төмөндөгүдөй эскерет:

“Мен студент кезде университетке чейин жоолук салынып, жогорку окуу жайына жеткенде жоолугумду чечип салып кирчүмүн”.

Университеттерде жоолук салынууга уруксат берилгенден кийин деле коомдогу айрым стереотиптүү ой жүгүртүүлөр болгонун Өзлем айым айтып берди:

“Университетте мыкты деген баага окугам, бирок коомдук иштерге аралаша алчу эмесмин. Мага кээ бирлери мен өтө оор күнөө жасагандай мамиле кылышчу. Өзүмдү көпчүлүктөн бөлүнүп калгандай сезер элем”.

Эми Түркияда акыркы 10 жыл ичинде мусулман аялдарга парз кылынган жоолукту салынууга бардык шарттар түзүлүп берилди: 2010-жылы жогорку окуу жайларында, 2013-жылы мамлекеттик мекемелерде, 2014-жылы орто мектептерде, 2016-жылы милиция кызматкерлерине, ал эми бул жылы аскер кызматындагыларга жоолук салынууга уруксат берилди. 2013-жылы Түркиянын мамлекеттик каналынан алгачкы жолу жоолукчан диктор кабарларды окуп, көгүлтүр экранга чыккан.



Башка жаӊылыктар
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23