Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
25 ноябрь 2017г.
Багымдат
06:25
Күндүн чыгуу
08:05
Бешим
12:48
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:52
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


Ат-Башынын Терек-Суу айылында арак саткан акыркы дүкөн жабылды
Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Sputnik / Жарыяланды: 6 апрель 2017

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы арак саткан акыркы дүкөндүн жабылганы тууралуу "Чеч-Дөбө" жаштар уюмунун төрагасы Апсат Эсенбаев билдирген. Бул тууралуу Sputnik маалымат сайты жазат. Апсат Эсенбаевдин айтымында, айыл боюнча ичимдик саткан эки дүкөн калган, анын бири жалаң гана арак соодалачу.

%article_title%

"Акыркы кездерде айыл өкмөтүнө, аксакалдар кеңешине, мечит жамаатына жана "Чеч-Дөбө" жаштар уюмуна айылдын келиндеринен көп даттануулар түшө баштаган. Негизи эле айылда арак сатуучу дүкөндөргө нааразы болгондор бар болчу. Кечээ айыл тургундары кеңешип, ичимдик саткан эки дүкөндүн тең бардык товарын сатып алып, элдин көзүнчө бөтөлкөлөрдү сындырып, жок кылдык. Эки дүкөндүн ээлери тең мындан ары ичимдик сатпоого убада кылып, түшүнүк кат жазып беришти", — деди активист.

Маалыматка караганда, айылда ичимдиктин айынан запкы көргөн аялдар менен балдар, ажырашкан үй-бүлөлөр көбөйүп кеткендиктен, эки жыл мурда башка дүкөндөр спирт ичимдиктерин алып келүүнү токтоткон.

%article_title%

Кыргызстан боюнча жергиликтүү дүкөндөрдө арак сатууга тыюу салууну 2008- жылы Ош облусунун Караке айылынын жашоочулары биринчилерден болуп демилгелеп чыгышкан. Андан соң Кыргызстандын 30 айылында бул жакшы саамалыкты улап кетишкен.

Бүгүнкү күндө Ош облусунун 10дон ашык айылында спирт ичимдиктери сатылбайт: Караке, Мурдаш, Гагарин, Чайчы, Алп-Ордо, Кара-Таш, Мады, Кызыл-Суу, Киров, Алайку жана башкалар;

Нарын облусунун 4 айылында: Комсомол, Мин-Булак, Бирлик, Таш-Дөбө айылдары;

Чүй облусу: Беш-Корук айылы;

Баткен облусу: Кулунду айылы;

Ысык-Көл облусу: Чок-Тал, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Бает, Оттук жана Туура-Суу айылдары;

Жалал-Абад облусу: Киров, Кара-Булак айылдары.

Жогорудагы айылдарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жергиликтүү тургундардын демилгеси болгон. Алар аягы түгөнбөгөн чыр-чатак, мушташ сыяктуу жаман окуялардан тажашкандыктан мындай демилгени көтөрүп чыгышкан.



Башка жаӊылыктар
Кыргызстандын дин аалымдары Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда
16 ноябрь 2017
Пайгамбарыбыздын эң шайыр жубайы - Савда бинт Зама
8 ноябрь 2017
10 айдын ичинде "жарым темир айым" титулуна жеткен Бегимай Алыбаева
27 октябрь 2017
Космостогу "Росетте Небула" Куранда кызыл роза катары баяндалган
23 октябрь 2017
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда
20 октябрь 2017
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатына мүчө болду
19 октябрь 2017
Тапкыч мекендешибиз, "аль-Сафар" жайнамазынын автору - Абай Исмаилов
18 октябрь 2017
Кыргызстан Ислам Университетинде кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү
16 октябрь 2017
"Балдарды Ислам негизинде тарбиялоо" атту баянга чакыруу
13 октябрь 2017
200гө жакын жетим-жесир жана муктаж үй-бүлөлөргө үй курулуп берилди
10 октябрь 2017
30 жаштагы имам Гиннес китебине кирди
10 октябрь 2017
ЖАРЫЯ! Муфтият жана Кыргыз Туусу басма үйү мектеп окуучулары арасында «Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу конкурс жарыялайт
2 октябрь 2017
Мыктыбек ажы Арстанбектин ajyke.kg сайты ишке кирди
28 сентябрь 2017
ККФ "Нахля хайрия" айымдарга арналган лекцияга чакырат
28 сентябрь 2017
“Айым” клубу кыз-келиндерди 2 күндүк акысыз тренингге чакырат
27 сентябрь 2017
Түркияда айымдарга арналган троллейбустар жүрүп баштады
26 сентябрь 2017
Кувейттен келген дарыгерлер акысыз операцияларды жасашат
25 сентябрь 2017
Боз үй Дохада өткөн эл аралык кѳргѳзмѳдө эң чоң кызыгуу жараткан экспонат болду
22 сентябрь 2017