Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкек, Ошто “Умма” журналынын активисттери жана тургундар менен 130дай көчөт отургузулду

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Тумар Ибраимов, Арген Капаров / Жарыяланды: 12 апрель 2017

Өткөн дем алыш күндөрү, 8-9-апрелде, Бишкек жана Ош шаарларында массалык ишембилик жана “Бир момунга-бир дарак” ураан алдында бак отургузуу акциясы өттү. Жалпысынан Бишкекте 80, ал эми Ош шаарында 50 бак отургузулду. Иш-чаранын максаты - ар бир тургунду айлана-чөйрөнү таза кармоого жана мусулмандарды социалдык активлүүлүккө үндөө. Ишембилик жана бак тигүү акциясы “Жашыл Ай” коомдук фонду жана “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулду.

Бишкек

Шаар тургундары ишембиликке саат 9:00до Алма-Ата-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде чогулуп, ал жерден 2 топко бөлүнүштү. 1-топ ошол жарым гектарлык жерде тазалоо иши үчүн калса, 2-топ бак отургузууга Москва-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишине жөнөп кетишти. Жогорудагы территориялар “Жашылдандыруу” муниципалдык кызматы тарабынан бөлүнүп берилген.

null
“Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова: Ислам айлана-чөйрөнү коргоого чакырат. Биз пайгамбарыбыздын сүннөтүн жандандырып, элди табиятты таза кармоого, шаарды жашылдандырууга чакыргыбыз келет.

Бул күнү аба-ырайы ойдогудай болду. Ишембиликке 70тен ашык адам келди. Алардын арасында студенттер, ошондой эле, улгайган ата-апалар да бар. Ал эми кээ бирлери үй-бүлөлөрү менен келишти. Ата-энелер балдары менен келип, балдарына кичинекей кезинен тарта айлана-чөйрөгө кам көрүүнү үйрөтүп жатышты.

null
Кичинекей Исмаил эжесине жана апасына таштандыларды тазалоого жардам берип жатат.

null
Кичинекей колдору менен ишембиликке өз салымын кошууда

4 сааттык ишембиликтен кийин таштандыдан эч нерсе калган жок. Шаар тургундары өздөрүнүн короосун конокко камынгандай дыкаттык менен тазалап чыгышты.

null
Жалпысынан 3 камаз таштанды чыгарылды.

Ишембилик менен катар Эркиндик-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде бак отургузуу акциясы өттү.

null
Бак отургузуу акциясына белгилүү дин таануучу, профессор Кадыр ажы Маликов да келди.

Эркиндик бульвары эмен дарактары менен белгилүү. Бирок акыркы убактарда бул дарактарды жулуп кетүү көрүнүштөрү байкалган. Ошондуктан, “Жашылдандыруу” муниципалдык кызматы эмен отургузуу чечимин кабыл алынган. Жалпысынан 80 эмен багы отургузулду.

null
Ар бир тургун жеринен эмен багын сатып алып, отургузуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

null
Бактар “Жашылдандыруу” муниципалдык кызматынын агрономдорунун көзөмөлүндө отургузулду.

Кээ бирдери өзүнүн үйүнөн ала келген көчөттү отургузушту.

null
“Умма” журналынын 70 жаштагы активисти өзүнүн үйүнөн ала келген көчөттү тигип жатат.

Бак отургузууга келгендер абдан көп болду. Алардын арасында чет өлкөлүк студенттер да бар. Алар пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) сүннөтүн аткарып, бак отуругзганга кубанып жатышты.

null
Кудайга шүгүр, бүгүн бак отургуздум. Пайгамбарыбыз, “эгер, бул иш жашооңордогу акыркы иш болсо да бак отургузгула” деп буйруган дейт чет өлкөлүк студент Назим Кхан.

Көчөт тигүүгө үй-бүлөсү менен келгендер да болду. “Умма” журналынын башкы редакторунун айтымында, бул күнү ынтымактык сезилип жатты. “Кичинекей балдар ата-энелерин карашып, кичинекей колдору менен күрөктү алып, жерди казгылары келип жатканын көрүү абдан жагымдуу болду”,- дейт Элиана-Марьям Сатарова.

%article_title%

Жолдо кетип бара жаткандар активисттерге ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Бул көрүнүштү чөнтөк телефонуна тарткандар да болду.

null
Кыздар да балдардан кем калышпай бак отургузууда активдүү иштешти.

null
“Жашылдандыруу” муниципалдык кызматынын өкүлдөрү активисттерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Ош

Жекшемби күнү Ош шаарынын тургундары ишембилик жана бак отургузуу акциясына чыгышты. “Умма” журналынын Ош шаарындагы активисттери Араван аянтына жалпысынан 50дөй көчөт тигишти.

null
50 кайың жана 2 карагай отургузулду

null
Кайың отургузуу Ош шаарынын “Жашылдандыруу” муниципалдык кызматы тарабынан чечилди.

Бактардын туура отургузулушу Ош шаарынын “Жашылдандыруу” муниципалдык кызматы тарабынан көзөмөлдөндү. Активист Дастан Наватовду капаланткан жагдай, бул акцияга өтө аз адам келгени болду.

“Биз көп киши келет деп үмүттөнгөнбүз. Элдерди социалдык активдүүлүккө көндүрүш керек экен”, - деди Дастан Наватов.

null
Аз адам келгенине карабай иш-чара мыкты денгээлде өттү. Ынтымак, кубанычтын атмосферасы сезилип жатты.

null
Акцияны улуу муундагылардын колдогону да кубандырды.

Эми Ош жана Бишкек шаарында отургузулган бактардын баары “Жашылдандыруу” муниципалдык кызматынын көзөмөлүндө болот. “Умма” журналынын жамааты отургузулган бактар шаарды көрккө бөлөп, таза аба жана көлөкө болоруна ишенет. “Умма” журналы муну менен эле токтоп калбай алдыда дагы көптөгөн ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. Анткени айлана-чөйрөгө кам көрүү - Аллах Тааланын буйругу жана жаркын келечекке кам көрүү.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан:

“Адам өлгөн соң анын кылган иш-аракеттеринин баары токтойт. Бирок үч нерсе ал дүйнөдөн кайткандан кийин деле ага тынбай сооп алып келип турат. Алар: пайда алып келген жакшы иштер (мектеп куруу, бак отургузуу, суу чыгаруу ж.б.), өзүңдүн илим-билимиң менен бөлүшүү жана ал адам үчүн дуба кылган ыймандуу балдар".

null
"Умма" ислам журналынын Бишкектеги активисттери

null
"Умма" ислам журналынын Ош шаарындагы активисттери

1 / 21



Башка жаӊылыктар
Кыргызстан Ислам Университетинин жамааты кан тапшыруу акциясына катышты
16 февраль 2018
Москвада мекендештерибизге арналган мавлид кечеси болот
15 февраль 2018
"Баламдын мүнөзү кандай?" аттуу семинарга чакыруу
14 февраль 2018
Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылыкка Кыргызстанга 5400 квота бөлдү
18 январь 2018
"Умма-Ош" 1-январда таң эрте ишембиликке чыкты
2 январь 2018
“Умма-ОШ” 1-январда таң эрте тазалык акциясына чыгышат
30 декабрь 2017
Жакында «Китеп–жашоо булагы!» аттуу китеп окуу конкурсу старт алат
12 декабрь 2017
М. Ибраевдин "Жаман адат жана андан арылуунун жолдору" аттуу семинарына чакыруу
7 декабрь 2017
"Жан дүйнө азыгы" долбоорунун кезектеги лектору Марс Ибраев
30 ноябрь 2017
Кыргызстандын дин аалымдары Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда
16 ноябрь 2017
Пайгамбарыбыздын эң шайыр жубайы - Савда бинт Зама
8 ноябрь 2017
Араб тили жана теология факультеттеринин арасында «Адам көркү адеп» аттуу конкурс өтөт
2 ноябрь 2017
Фисабиль: Адамды күчтүү кылган 3 өзгөчөлүк
2 ноябрь 2017
10 айдын ичинде "жарым темир айым" титулуна жеткен Бегимай Алыбаева
27 октябрь 2017
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда
20 октябрь 2017
Тапкыч мекендешибиз, "аль-Сафар" жайнамазынын автору - Абай Исмаилов
18 октябрь 2017
Кыргызстан Ислам Университетинде кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү
16 октябрь 2017
"Балдарды Ислам негизинде тарбиялоо" атту баянга чакыруу
13 октябрь 2017
Намаз убактылары
24 февраль 2018г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:46
Бешим
13:15
Аср
16:59
Шам
18:49
Куптан
20:04
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов